Донецк (укр. Донецьк; 1924-жылга чейин Юзовка, 1924-61-жылдарда Сталино) - Украинадагы шаар (1917-жылдан). Донецк облусунун административдик борбору. Кальмиус дарыясынын боюнда, Донбасстын борбордук бөлүгүндө. Калкы 1,2 млн (2000). Темир жол тоому. Көмүр казып алынат. Кара жана түстүү металлургия, машина куруу (тоо-кен, металлургия жана башка өнөр жай үчүн жабдуу, муздаткыч, кабель, велосипед жана башка), химиялык (химия-реактив, пластмасса жана башка заводдору), кокс-химия, тамак-аш-татымал, жеңил (анын ичинен кебез кездеме) өнөр жайы өнүккөн. Украина ИАнын илимий борбору. Беш ЖОЖ (анын ичинен университет), 3 театр (анын ичинен опера жана балет театры), мекен таануу, көркөм сүрөт музейи бар. 1869-жылы негизделген.

Донецк (2015)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5