Драматургия — драмалык чыгармалардын жыйындысы . Термин 2 мааниде колдонулат :

  1. Драматург жазуучунун жалпы чыгармалары .М:Т.Абдумомуновдун драматургиясы.
  2. Белгилүү бир доордогу жалпы драмалык чыгармалар.М:согуш драматургиясы

Кыргыз драматургиясы түзөтүү

Арийне, драмалык чыгармалар көбүнчө жазма-чийме урунган элдерде улуттук театр өнөрүнүн репертуардык (драмалык тексттерге) муктаждыгынан улам пайда болот. Демек, кыргыз театр өнөрүнүн өнүп-өөрчүй башташы биздин тилде драмалык адабияттын келип чыгышын шарттады.

1920-жылдардын экинчи жарымында Фрунзеде (Бишкекте) жаңы ачылган борбордук педагогика техникумунун студенттери драма жана ыр-хор ийримин (кружогун) уюштуруп, сахнада ойноого арналган адабий тексттердин эне тилибизде жогунан улам ийримге катышуучулар андай тексттерди өздөрү жаза баштаган. Чакан пьесалардын авторлору ал кездеги студенттер Т. Байжиев, Ж. Бөкөнбаев, К. Жантөшев, К. Маликов, С. Сасыкбаев, М. Элебаев болгон. Ал пьесалардын тексттери, а түгүл аттары сакталып калган эмес. Тек гана К. Жантөшевдин педтехникум ийрими үчүн «Койчулар», «Айылда», «Лениндин уулу», «Түштө», «Биз комсомол», «Жоголсун байлар» деген бир жана көп көшөгөлүү пьесаларынын аттары мемуардык материалдарда (эскерүүлөрдө) эскерилет.

1926-жылы ачылган улуттук музыкалык-драма студиясынын (мектебинин) коллективи ойной турган драмалык чыгармалардын кыргыз тилинде жаралбай жатканынан аябай кыйноо тарткан.

Драматургия — адабияттын өзгөчө бир түрү. Анын жалпы адабий чыгармачылыкка ортоктош машакаттарынан тышкары өз алдынча кыйынчылыктары да бар. Драмада турмуштук окуялар менен адам тагдырлары шарттуу бир туюк чөйрөгө камалып, бир маанилүү конфликтке (чыр-чатак) байланып, мерчемине жеткирилип, чокмороктоштурулуп, чектелген убакыт жана мейкин аралыгында көбүнчө каармандардын өз ара сүйлөшүүлөрү (монологдору) аркылуу гана сүрөттөлүп берилиши керек. Ал эми мындай кылып сүрөттөп берүү атайын билимди, бир кыйла тажрыйбаны, өтө көп мээнетти талап кылат. Тилекке каршы, кыргыз адабияты жаңыдан түптөлө баштаган кезде, жаш жазуучулардын арасында кадыресе драмалык чы¬гармалар жазып бере тургандары аз, атүгүл жокко эсе эле. Ошон үчүн Улуттук драма музыкалык мектептин көркөм жетекчиси И. Н. Еленин «Молдо Насреддин», музыкалык жетекчиси Д. Д. Мацуцин «Жаңы турмушка», сүрөт мугалими Г. П. Петров «Москва коногу» деген пьесаларды жазып беришкен. Ал пьесалар кыргызчаланып, студиянын окуучулары тарабынан ойнолгон. Ошондой эле ушул окуу жайдын студенттери С. Сабаев жана башкалар өз-өзүнчө же биргелешип «Волисполкомдогу жумуш күнү», «Эски турмуш» деген бир көшөгөлүү пьесалар жараткан. Булардан тышкары улуттук драма-музыкалык студиянын тарбиялануучулары М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей», Б. Калпаковдун «Эскиден калган энчилер», М. Дөгдүровдун «Чалкан чаккандар» деген пьесаларын коюшкан. Аталган пьесалардын тексттери да өз убагында жарык көргөн эмес, кол жазмалар түрүндө деле биздин күндөргө жетип келген эмес. Алардын ичинен тек М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей», К. Жантөшевдин «Карачач» драмалары кийинчерээк (биринчиси 30-жылдары, экинчиси 50-жылдары) кайра иштелип, басылып чыккан.

«Кайгылуу Какей» 4 көшөгөдөн, 45 көрүнүштөн турган. Драмада оюнга катышуучулардын саны 21 каарман болгон. Анын окуялар тизмеги кыскача баяндаганда төмөнкүдой:

Малдыбайдын жалгыз кызы Какей өзү тендүү Өмүркул аттуу жигит менен сүйлошүп жүрот. Бирок Малдыбай Какейди Чой- бек аттуу картан байга бермек болот. Өмүркул «Какейди үстүңө күндөш кылып Чойбекке алдырба» деп айтуу үчүн Чойбектин аялы Бүбүканга барат. Алардын үстүнон чыккан Чойбек аялын уруп, качырып жиберет, Өмүркулга ак никелүү аялымды бузду, ала турган колуктумду азгырды, бир үйүр жылкымды уурдады деп айып коёт. Чойбек Малдыбайдын үйүно той берип, Какейди алый кетүү үчүн келгенде, Какей картан байга баргысы келбей, уу кор- гошун ичип жиберет. Ошол кезде Өмүркул жолдоштору менен кирип келип, Чойбекти өлтүрөт да Какейди ала качат. Жанрдык мүнөзү боюнча «Кайгылуу Какей» — мелодрамалык элементтери бар тиричилик драмасы. Анда негизинен революциядан мурунку кыргыз турмушунун үй-бүлө чөйрөсүнө, тактап айтканда, эзүүчү тап өкүлдөрүнүн зордук-зомбулук менен үйлөнүшүнө жаш кыздардын мал катары сатылышына байланыштуу окуялар сүрөттолөт. Бирок пьесада үй-бүлө жаатына тиешелүү карама-каршылыктар таптык каршылыктар менен айкалышып кетет. «Кайгылуу Какейдин» сюжеттик түзүлүшү ото эле жонокой жана солгун, каармандарынын жүрүш-турушу жана сүйлөшү анча ишенимдүү эмес. Дегинкиси азыркы драматургиябыздын мыкты үлгүлорүно салыштырып Караганда М. Токобаевдин пьесасынын мазмун-формасы алда канча комсоо корүнот. Бирок ал пьеса улуттук драматургиянын өз мезгилинин көрүнүктүү документи катары адабиятыбыздын тарыхында ардактуу орун алган бойдон кала берет. К. Жантөшевдин «Карачач» пьесасы да тема жагынан «Кайгылуу Какейге» үндөш. Анын негизине жаткан окуянын орчундуу өзөгү төмөнкүдөй болгон.

Баш каармандар— Карачач менен Акмат. Кедей үй-бүлөдөн чыккан бул кыз-жигит бирин бири каалашып жүрөт, атүгүл Ка¬рачач Акматка кайындалып койгон болот; карапайым калктын кактабай канын соргон залым Болуш капыстан Карачачка көз артып, калыңсыз үйлөнүш ниетинде кыздын атасын жана жигитин дайны жок айыптарга жыга берет, кысмагы менен амалынан акыбет чыкпаган сон Болуш Карачачты зордук-зомбулук менен токолдукка ала качып, Акматты жалган жалаа менен каматмак болот; Акмат тоодо жашынып жүрүп, акыры Болушту өз үйүнөн тындым кылат, бирок Карачачты коштой кеткенге буямасы келбей, өзк араңдан зорго качып кутулат; кийин Акмат жолдошторунун жардамы менен Карачачты туткундан бошотот, бирок өзү куугунчулар менен кармашта ажал табат.

Тилекке каршы, «Карачачтын» алгачкы коюлгандагы тексти сакталбай калган, ошон үчүн анын идеялык-көркөмдүк сапаттары тууралуу конкреттүү сөз кылганга мүмкүнчүлүк жок.

20-жылдардын экинчи жарымында өз мезгилинде театр сахнасында коюлганга арзыбаса да, өзүнчө китеп түрүндө басылып чыккан пьесалар бар. Алар — С. Карачевдин «Теңдик жолунда» (1928), «Төрага Зейнеп» деген пьесалары.

«Тендик жолунда» эки көшөгөлүү чакан драмалык чыгарма. Анда революциядан кийинки кыргыз турмушундагы эски менен жаңынын таймашына, асыресе аялдар тендигин ишке ашыруу кыйынчылыктары тууралуу тема козголот.

Орто чарбалуу Чодондун Саткын аттуу уулу, Жанаркан аттуу кызы бар. Саткын советтик окуу жайынын студента, аялдар тендигинин жактоочусу. Анын дал озүндой коз караштагы Субан аттуу жолдошу бар. Жанаркан — бойго жеткен, коп катындуу бир байга кайындалып койгон кыз. Бирок ал кайындаган жерине баргысы келбей, Субан менен сүйлошүп, убадалашып жүрот.

Дал ошол ченде Чодон ак жеринен күйүп кетчү кырдаалга туш келип турган болот. Себеби ал саал мурда кайсы бир кооперацияга мүчөлүккө өткөн эле. Тек шумпай жарнакташтары караңгы дыйканды жалган шылтоо менен көп акчага жыкканы калган болучу. Саткын атасынын эч кандай толомор эмесин билип, бирок кийин жайы андай экенин атасына айтпай, анын куру бекер коркунучка капталып турганын карындашы менен жолдошунун мүдөөсү үчүн пайдалангысы келет.

Саткын өзү калп эле соттун атынан көп суммадагы акча төлөгөнгө милдеткер кылып, төлөбөсө камаларын эскертип, опузалуу кагаз жибердирет. Чодон карыз акча таба албай айласы кетип, ары-бери чапкылайт. Саткын атасын жаны кашайгандай абалга жеткирип, анан карыз акчаны жолдошу Субан таап берерин жарыялайт, бирок Чодондон Жанаркан менен Субандын баш кошконуна ыраазычылык берүүсүн сурайт. Заманасы куурулган Чодон уулунун койгон шартына дароо көнөт, бирок карыз акчанын колуна нак тийишин талап кылат. Сабатсыз киши байкабайт деп Саткын өзү жасаган жалган векселди сунса, Чодон шектенип калат да, векселди албай чатак чыгарат, азыр эле берген ак батасынан айнып, буркан-шаркан түшөт. Анткен менен Саткын атасынын курулай өмгөктөнгөнүнө моюн бербей, карындашынын өз каалаганына кошулганга акысы барын, жаңы замандын жаштары эски салттарга баш ийбей турганын бетке чабарлык менен айтат.

Албетте, пьесанын негизги окуясы өз мезгилиндеги кыргыз турмушу үчүн типтүү демейки көрүнүштөрдөн деп айтыш кыйын. Анын атайын ойлоп табылгандай, жасалма жол менен кураштырылгандай, жай турмушта жолугушу күнөм туудурчудай кыязы бар. Бирок ошол окуя бир пьесага кадимкидей сюжет болууга жарагыдай драмалуу мүнөзгө ээ.

«Төрага Зейнеп» — С. Карачевдин көлөмдүү пьесасы. Анын үч көшөгөсү, 17 көрүнүшү, 20 чамалуу каарманы бар. Пьесада 20-жылдардын орто ченинде айыл-кыштактагы таптык жиктелүү терендеп келген учурдун көрүнүштөрү сүрөттөлөт. Чыгармадагы негизги конфликт (чыр-чатак) жергиликтүү айылдык кеңештерге шайлоо өткөрүү өнөктүгүно байланыштуу келип чыгат.

Айылдык бийликти колго алуу үчүн эски байлар, алардын совет өкмөтүнө иштеп кеткен куйруктары жашыруун атайын кеңеш куруп, шайлоодо жеңип чыгыш үчүн жасала турган айла-амалдар, кытмырлыктар, провокациялар тууралуу макулдашат, асыресе аялдар арасында «сасык саясат» жүргүзүү үчүн Зейнеп аттуу келинди жумшоо максатка ылайык деп табышат.

Зейнеп революциядан кийин айылда аялдарды азаттыкка чыгаруу уюмун башкарган, анан шаардан бир-эки жыл окуган, ошо кезде окуудан жаңы кайтып келип, кызматсыз жүргөн эле. Бай-манаптар кызматсыз калганына жаш келин нааразы болсо керек, нааразы неме айтканга бат конөт деп болжолдошот. Бирок Зейнеп да, айылдык ак ниет активисттер да бай-манаптар менен алардын жактоочуларынын куулук-шумдугуна азгырылбайт. Алар ачык шайлоо жыйналышында араанчылыкка берилген эскичиликтин калдыктарын ашкерелеп, бай-манаптардын каалаган кишисин эмес, Зейнепти айылдык кеңешинин төрагалыгына шайлашат.

«Төрага Зейнеп» пьесасында Совет бийлигинин, бир жагынан караңгы эл массасын катсабатка үйрөтүү, маданий жактан агартуу, саясий жактан активдүү кылуу, экинчи жагынан, бай-манаптардын тамырын кыркып, десин кайтаруу, кадырын кетирүү үчүн жасаган аракеттеринен улам кыргыз арасында келип чыккан жаңыча саясий кырдаал, таптык позициялар, психологиялык тирешүүлөр чагылган.

Бирок сөзгө алынып жаткан пьеса нукура драмалык чыгарманын даражасына көтөрүло алган эмес. Анда курч сюжет, ажарлуу образдар, эсте каларлык көрүнүштөр жок. Пьесанын мазмунуна натуралисттик сүрөттөө, стилине таасирсиз көп сөздүүлүк мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

1 Кыргыз адабияты энциклопедиясы