Дунгандар (өздөрүн чжунюань, хуэйхуэй, лаохуэйхуэй же хуэйзу деп аташат) - Кытай (20 млн), Россия (5 миң), Казакстан (40 миң), Өзбекстан (5 миң), Кыргызстан (60 миңге жакын), ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер.

Дунгандар (Казакстан).
Дуңгандар
Клика Ма, дунгандар башкарган мамлекетинин желеги.

Дунгандардын ата-бабалары хуэй 19-кылымдын 2-жарымында Кытайдагы Цинь династиясына каршы Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилгенден кийин Шеньси, Ганьсу, Шинжаң провинцияларынан Казакстан (Кара-Коңуз, Шор-Төбө айылдарына шеньсиликтер) жана Кыргызстанга (Ырдык айылына ганьсулуктар, Александровка айылына шинжаңдыктар) көчүп келип отурукташкан. 1932-жылдан «Хуэймин Бо» («Дунган гезити») гезити, китептер дунган тилинде басылып, радио берүү жүргүзүлөт. КР УИАда Кытайдан тышкары жерлерде жашаган дунгандардын тарыхын жана маданиятын илимий жактан изилдөөчү дунган таануу бөлүмү иштейт. Дунгандар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишип, дубалы кыштан же саман аралаш топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Кышкысын жылуу болсун үчүн мешке жанаша салынган секичеде (кан) укташкан жана тамактанышкан. Эркектер менен аялдардын улуттук кийимдеринин үлгүсү окшош. Эркектер оң жагына топчуланган кенен көйнөк, шым, кездемеден шырылган бут кийим, аялдары саймаланып кооздолгон кийимдерди кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары жана жашылча-жемиштер, анын ичинен крахмалдуу кесме, күрүчтөн даярдалган ботко, ачуу татымалдар кеңири пайдаланылат. Күрүчтү жана нанды тузсуз даярдашып, тамакты таякчалар менен жешет. 1994-жылы Кыргызстанда Дунгандар ассоциациясы (президенти Есен Исмаилов) түзүлгөн. Учурда дунган улутунун өкүлдөрү Кыргызстандын ар кайсы тармактарында эмгектенүүдө. Кыргызстандын адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн дунган акыны, котормочу Ясыр Шивазага Кыргыз ССР эл акыны (1974) деген наам ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5