Дуэль (фр. duel, лат. - duellum - согуш дегенден) - эрегишкен эки адам бир биринин чакырыгы боюнча болгон эрөөл, таймаш. Дуэль шартын белгилөөдө кастапшандар же алардын өкүлдөрү (секунданттары) Дуэльге чыгуу салтын сактаган.

Формалдуу түрдө Дуэльге тыюу салынганы жана ага катышкандар жазаланганы менен орто кылымдарда ал кыйла кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.