"Дэвид Копперфильд" (англ. David Copperfield) - Чарльз Диккенстин сегизинчи романы. Романдын толук аталышы - "(Өзү эч качан жарыялагысы келбеген) Бландерстоун Рукери үй-бүлөнүн эң кичүүсү Дэвид Копперфильдтин жеке тарыхы, укмуштуу окуялары жана байкоолору" (англ. The Personal History, Adventures, Experience and Observation of David Copperfield the Younger of Blunderstone Rookery (Which He Never Meant to Publish on Any Account)). 1849-50-жылдары, романдын сериялары жарык көрөт, ал эми 1850-жылы китеби. Романдагы окуялар көп учурда Диккенстин жеке турмушуна шайкеш келгенинен улам, ал жазуучунун көмүскөдө калган өмүр баяны болуп эсептелет. "Дэвид Копперфильд" Диккенстин чыгармаларынын арасынан, эң жакшы көргөн романы болгон. 1867-жылы чыккан басылмасында, Диккенс китептин сөз башына мындай деп жазган: "Башка ата-энелердей эле менин да жүрөгүмдө эң жакшы көргөн балам бар. Анын аты Дэвид Копперфильд".

Дэвид Копперфильд.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү