«Дю́на» (англ. Dune) - Фрэнка Герберттин кумдуу Арракис планетасы жөнүндө, Дюна хроникалары сагасындагы биринчи роман. Френк Герберт бул китеп аркылуу атактуулукка жетип, Хьюго жана Небьюла премияларына татыган. «Дюна» — XX кылымдын эң белгилүүү илимий-фантастикалык романдарынын бири.

Дюна
Нукура аталышы Dune
Тили англис
Сериясы Дюна хроникалары
Жанры Илимий фантастика
ISBN ISBN 5-17-010356-5, ISBN 5-9660-0594-X
Мурункусу Дюна:Коррино үйү
Кийинкиси Дюна мессиясы

Романда көбүнчө саясий, экологиялык жана башка маанилүү көйгөйлөр көтөрүлөт. Жазуучу толук фантастикалык дүйнөнү түзүп жана аны философиялык роман менен бириктире алган. Бул дүйнөдө эң башкы нерсе болуп - "меланжа" эсептелинет, ал жалдыздар аралык учууга жана цивилизациянын сакталышында керек. Меланжа Арракис планетасында гана бар. Араккис өзү чөлдүү планетаны элестетет жана анда ири гиганттык чөл курттары жашайт. Бул планетада фримендер уруусу отурукташкан, алардан жашоосунда эң маанилүү нерсе болуп суу эсептелинет.

Жаралыш тарыхы түзөтүү

Герберт «Ажыдаар жана деңиз» романын жарыялагандан кийин, 1957 жылы Орегондун жээгинде жайгашкан Флоренс шаарына барган, ал жерде АКШнын айыл чарба департаменти кум дюналарын башкаруучу чөптөрдү устундо эксперимент кылып атышкан[1]. Герберттин дюналар жөнүндөгү «Алар жылган кумдарды токтотушкан» макаласы бүткөн эмес ( "Дюнага жолдор" китебинде ондогог жылдардан кийин жарыяланган[2]), бул изилдөөсу аркылуу Герберт Экологияга кызыгып баштаган. Герберт кийинки беш жылды изилдөө, жазуу жана болгон материалдарын кайра кайра кароодо өткөзүп, акырында Дюна романын жараткан. Дюна бөлүк-бөлүк болуп Analog Science Fiction журналында 1963 жылдан - 1965 жылга чейин Дюна дүйнөсү жана Дюна пайгамбары атту кыска чыгармалар катары жарыяланган.

«Дюна» дүйнөсү түзөтүү

Негизги макала: Дюна ааламы

Романдын окуясы алыскы келечектеги адамзаттардын галактикалык империясында өтөт. Ал көрсөтүлгөн доордун адамдары ойлонгон машиналардан, роботтордон, компьютерлерден баш тартышкан жана негизги катары өзүлөрүнүн ойлонуу жана экстрасенсордук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасашкан. Жер, заманбап диндер жана улуттар - унутулган тарыхта калган.

«Дюна» дүйнөсү - монархтык аристократиялык империя, белгилүү болгон Ааламды толук камтыйт жана Улуу Үйлөр бүткүл планеталарды башкарышат. Жылдыздар аралык траспорттоо монополисттери Космостук гильдия. Алардын гильд-навигаторлору - мутанттар, алар кораблдарды меланж (спайс' деген ат менен да белгилүү) аркылуу эч кандай компьютерлерсиз түрүлгөн мейкиндиктен алып кете алышат. Бул үчүн меланж белгилүү Ааламдагы эң баалуу нерсе болуп саналат. Ал картаюуну токтоткон өзүнүн гериатриялык касиеттери менен да белгилүү. Меланжды узакка созулуп колдонуу көздүн түсүн көккө айлантат, ошон үчүн фримендердин, гильд-навигаторлордун жана көпчүлүк Бене Гессерит көздөрү көк - «ибада көздөрү»

Араккис (Дюна деп дагы аталган) планетасы Меланждын жалгыз булагы. Дюна - чолдо жашаган гиганттык кум курттары менен да белгилүү. Алар табышмактуу түрдө меланждын пайда болушуна байланыштары бар. Аракистин жашоочулары, тургундары жана фримендер сууга өзгөчө мамиле кылгандары учун тирүү жашап келишет: алар өзүлөрүнүн денесинен чыккан баардык сууларды чогултуп жана кайра иштетишет, а фримендер болсо өлгөндөрдү жерге берүүдөн мурда - денелеринен сууну кийин колдонуу үчүн толук алышат. Дюнада суу эң чоң баада турат жана меланждан да эң кымбат болуп эсептелинет.

Мазмуну түзөтүү

Окуя Араккис планетасынын башкармалыгы, Шаддам IV императордун эрки менен Харконнен үйүнүн монополиясынан алардын каршылаштары Айтрейдес үйүнө өткөзүлгөндөн башталат. Герцог Лето Атрейдес планетаны Харконнендердин тираниясынан өтө чарчаган, жакыр калкы менен алат. Лето Дюнанын жашоочуларына алардын планетасын бейишке айлантууга убада берет.

Бул учурда барон Владимир Харконнен Дюна башкаруусундагы артыкчылыктардан баш тарткысы келбейт, ошентип үйлөрдүн ортосундагы кастык жаңы күч менен от алат. Эки үйдү өчөштүрүүгө, Императордун жашыруун колдоосу менен, Харконнендер аскердик төңкөрүш даярдашып жана герцогдун Юэ жеке доктурун өзүлөрүнө тартышат. Герцогдун уулу Полго ийгиликсиз кол салууларардан улам, Императордун сардаукарлары колдогон Харконнендерин аскерлери - көп муундан бери касташып жүргөн Атрейдес үйүнө ачык агрессия кылышып аларды кыйратышат. Барон Летону кармайт, бирок анын уулу Пол Атрейдести жана анын энеси Леди Джессиканы кармай албай калат. Алар чөлгө качышат, ал жактан алар чөлдүн аборигендери - фримендерге жолугушат, алар кийин жаш герцогдун Харконнендерге каршы куралы болу калат. Баронду өлтүрөм деп Лето өзү кайтыш болот.

Башкы каармандар түзөтүү

Атрейдес үйү түзөтүү

  • Лето Атрейдес — Атрейдес үйүнүнү башкаруучу герцогу, Полдун атасы.
  • Джессика айым — Бене Гессерит окуучусу жана герцог Летонун жубайы, Полдун жана Алиянын энеси.
  • Пол Атрейдес — романдын башкы каарманы, Атрейдес үйүнүнү мураскери, кийинчерээк фримендердин жол башчысы - Муад’Диб.
  • Алия Атрейдес — Полдун жаш карындашы.
  • Гурни Халлек — Атрейдес үйүнө берилген жоокер-ырчы, контрабандисттер менен кең мамилеси болгон..
  • Дункан Айдахо — Атрейдес үйүнүн курал көтөрүүчүсү, Полду машыктырган. Сардакурлардын кол салуусунда кайтыш болгон.
  • Суфир Хават — ментат жана мастер-өлтүргүч, Атрейдес үйүнө үч муундан бери кызмат кылган.
  • Веллингтон Юэ — сукк мектебинин доктору, Харконнендерде кош агент кылдырып кыйнап кызмат кылдырышкан.

Харконнен үйү түзөтүү

Коррино үйү түзөтүү

Фримендер түзөтүү

  • Лиет Кайнс — Арракистин империялык планетологу, фримендердин сырдуу жол башчысы.
  • Чани — фримен, Лиет Кайндын кызы, Муад’Дибдин сүйгөн кызы.
  • Стилгар — фримендердин лидери, Муад’Дибге көп нерсени үйрөткөн досу жана жакын адамы.

Башка каармандар түзөтүү

Экранизациялары түзөтүү

Эскертмелер түзөтүү