Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969

«Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969» (испанча: Festival de la Canción de Eurovisión 1969, англисче: Eurovision Song Contest 1969, французча: Concours Eurovision de la chanson 1969) - «Еврокөрүнүүнүн» 14-сынагы болгон, ал Лондондо өткөн «Еврокөрүнүү 1968» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 1969-жылдын 29-мартта Мадридде (Испания) өткөн. Испанияга жеңишти «La, la, la» деген ыры менен Massiel деген ырчы алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 29 упай менен 1-орунду ээлеген.

Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969
Дата 29-март, 1969-жыл
Алып баруучулар Laurita Valenzuela
Мүдүр Ramón Díez
Кожоюн телеканал TVE
Өткөрүлүүчү жай Испания, Мадрид, Teatro Real
Жеңүүчү ыр «Vivo cantando» (Испания)

«De troubadour» (Нидерланддар)
«Boom Bang-a-Bang» (Улуу Британия)
«Un jour, un enfant» (Франция)

Добуш берүү ыкмасы Ар өлкөдөн 10 калыс, алардын ар бири жаккан ырына бир добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу
Өлкөлөрдүн саны 16
Алгачкы катышуу болгон эмес
Баш тартуу Австрия

Дания

Нөл упай болгон эмес
Еврокөрүнүү ыр сынагы 1969
1968        1970
     Катышуучу - өлкөлөр      Өткөн жылдардын катышуучу - өлкөлөрү      Катышууга мүмкүнчүлүгү жок же кызыктар эмес өлкөлөр
     Сынактын катышуучу - өлкөлөрү. Өлкөлөр төмөнкүдөй орундарды алган:       1-орун       2-орун       3-орун

Сынактын тарыхында биринчи жолу бир заматта 4 ыр жеңүүчү аталган, алар төмөнкүлөр: Франциянын ыры, Frida Boccara аткарган "Un jour, un enfant"; Испаниянын ыры, Salomé аткарган "Vivo cantando"; Нидерланддардын ыры, Lenny Kuhr аткарган "De troubadour" жана Улуу Британиянын ыры, Lulu аткарган "Boom Bang-a-Bang". Бул сынак дагы башка маанилүү окуялар менен коштолгон: белгилүү сүрөтчү Сальвадор Дали сынактын жарнактык сүрөтүн тарткан жана Монакону 12 жашар бала көрсөтүп 6-орунду мекенине алып келген.

Франконун аскердик диктатурасы башкарган мамлекетте өткөн сынакта катышпайбыз деп, Австрия катышуудан баш тарткан. Сынактын алгачкы катышуучуларынын катарында Лихтенштейндин да болушу ыктымал болчу, улуттук тандап алуу сынагын өткөрүп аткаруучусу менен ырын камдап олтурушкан, бирок Лихтенштейндин өзүнүн телекөрүнүүсү жоктугунан сынактан четтетилген.

Жыйынтыктар түзөтүү

# Өлкө Аткаруучу Ыр Тил Упай Орун
01   Югославия Ivan жана 4M «Pozdrav svijetu» Хорватча 05 13
02   Люксембург Romuald «Catherine» Французча 07 11
03   Испания Salomé «Vivo cantando» Испанча 18 01
04   Монако Jean Jacques «Maman, Maman» Французча 11 06
05   Ирландия Muriel Day «The Wages of Love» Англисче 10 07
06   Италия Iva Zanicchi «Due grosse lacrime bianche» Италянча 05 13
07   Улуу Британия Lulu «Boom Bang-a-Bang» Англисче 18 01
08   Нидерланддар Lenny Kuhr «De troubadour» Нидерландча 18 01
09   Швеция Tommy Körberg «Judy, min vän» Шведче 08 09
10   Бельгия Louis Neefs «Jennifer Jennings» Нидерландча 10 07
11   Швейцария Paola Del Medico «Bonjour, Bonjour» Немисче 13 05
12   Норвегия Kirsti Sparboe «Oj, oj, oj, så glad jeg skal bli» Норскчо 01 16
13   Германия Siw Malmkvist «Primaballerina» Немисче 08 09
14   Франция Frida Boccara «Un jour, un enfant» Французча 18 01
15   Португалия Simone de Oliveira «Desfolhada portuguesa» Португалча 04 15
16   Финляндия Jarkko жана Laura «Kuin silloin ennen» Суомиче 06 12

Сынактын жеңүүчүлөрү түзөтүү

Кайтып келген аткаруучулар түзөтүү

Аткаруучу Мамлекет Мурдагы катышкан жылы Орун
Louis Neefs   Бельгия 1967 07

Шилтемелер түзөтүү