Ефрейтор (нем. Geаreiеer – бошотулган) – бөлүмдүн командири жок мезгилде анын милдетин аткаруучу алдыңкы жоокерге берилүүчү аскер наамы. Ефрейтор наамы 17-кылымдын башында Германияда пайда болгон. Орус армиясына Пётр Iнин аскердик уставы боюнча 1716-ж. киргизилген. Советтик Армияда ефрейтордук наам 1940-жылдын ноябрынан аскердик жана саясий даярдыгы мыкты катардагы жоокерлерге бериле баштаган. Бул наам КРдин куралдуу күчтөрүндө да бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1