Жааксыздар (лат. Agnatha) – сууда жашоочу омурткалуулардын чоң классы. Омурткалуу жаныбарлардын эң жөнөкөйлөрү. Жаагы жок жана таноосу бирөө. Скелети кемирчектүү. Бакалоору капчык түрүндө болгондуктан, капчык бакалоордуулар деп да аталат. Бакалоор скелети капчыгынын сыртынан орун алган, омуртка түркүгүнүн кызматын хорда аткарат. Жааксыздар байыркы девон жана силур мезгилинде кеңири таралган. Азыркы фаунада жааксыздардан оймок ооздуулар классынын 2 өкүлү – миногалар жана миксиндер кезигет.

Lampetra fluviatilis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1