Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Оюнда колдонулуучу аспаптар. Жаа, жаанын октору, бута.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар өздөрүнө жаа, октор жана бута даярдашат. Бутаны тургузушкандан кийин, жааны атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден жаа атышып бутага тийгизүүгө аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Бутага таамай тийгизгени, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бутага жакын турууга, бутадан башка жакты көздөй атууга, оюндун кезегин бузууга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээк тикке тарбияланат, жаа атуунун ыкмаларын болжолдоого, аралыктарды туура аныктоого, эмгектенүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү