Жакомо Пуччини (22. 12. 1858, Лукка – 29.11. 1924, Брюссель) – италиялык композитор, италян классикалык операнын акыркы өкүлү. Музыканттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 10 жашынан органчы, пианист катары концерттерге катышкан. 1883-жылы Милан консерваториясын бүтүргөн (А. Понкьелли менен Бацциниден таалим алган). «Манон Леско» (1893), «Богема» (1896), «Тоска» (1900), «Мадам Баттерфляй» (1903), «Батыш кызы» (1910), «Турандот» (1926, Ф. Альфано бүтүргөн) опералары, ага дүйнөлүк атак алып келген. Ал жазган опералардын негизин сүйүү жана чындык үчүн өмүрүн кыйган аялдардын образы түзгөн. Пуччини жаңычыл композитор катары Вердинин чыгармаларынын принциптерин өнүктүргөн, опералардын негизги компоненти болгон речитативдүү ария стилин киргизген. Кыргыз опера жана балет театрында «Чио-Чиосан» (1943, 1969), «Тоска» (1962, 1969) опералары коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү