Ширак Жак Рене (29. 11. 1932-ж. т., Париж) - Франциянын саясий ишмери, 22-президенти (1995-2007).

Француз армиясынын катарында кызмат өтөп, Алжир согушуна (1956-57) катышкан. 1957-ж. Париждеги Саясий изилдөө институтун жана Улуттук башкаруу мектебин бүтүргөн. Алгачкы саясий ишмердиги Сент-Фереолдун муниципалдык кеңешчиси (1957-62) болуудан башталган. Шарл де Голл жана Жорж Помпидунун шайлоо кампанияларына активдүү катышып, Жорж Помпидунун бийлиги мезгилинде айыл чарба министри, Жискар д’Эстен жана Француа Миттерандын убагында Франциянын премьер-министри (1974-88) болуп иштеген. Өлкөнүн тышкы саясатында голлизмди колдогон. 2000-жылдардын ортосунда өлкө ичинде (өзгөчө социалдык тармактарда) элдик нааразычылыктар күч алып, 2007-ж. отставкага кеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4