"Жалаңкычтын турагы" (англ. Resident Evil, орус. Обитель зла) - Германия-Британия биргелешип чыгарган илимий популярдуу уруштук жана коркунучтуу тасма. Сценарийин жазган жана тарткан Пол Андерсон, продюсери - Бернд Айхингер. Башкы каармандарды ойногондор - Милла Йовович жана Мишел Родригес. Ушундай эле аталыштагы Capcom компаниясы иштеп чыккан компьютердик видео оюндарынын негизинде тартылган алгачкы тасма. Ошондой эле тасмага Эрик Мабиус, Жеймс Пьюрфой, Мартин Крувз, Колин Салмон тартылган. Тасманын продюсери Бернд Айхингер жана Пол Андерсон.

"Жалаңкычтын турагы" жана "Жалаңкычтын турагы 2" серияларындагы окуяларды улай, тасма эс тутумун жоготкон баш каарман Элис жана Умбрелла Корпорациясынын коммандосу менен жашыруун лабораториядагы коркунучтуу вирустун алып чыгышы тууралуу окуяны сүрөттөйт. Тасма тууралуу кандай түрдүү пикирлер айтылбасын, Йововичтин чеберчилиги,актерлордун оюну, экшн жана зомби дизайны жогору бааланган. 103 миллион доллар киреше менен эң көп көрүлгөн тасманын катарын толуктайт.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү