Жалпы химия — хим. илиминин жалпы негизин түзгөн хим-нын закондо-рун

ж-а теориялык көз караштарын ичине камтыган жогорку окуу жайларынын студенттерин кесиптик даярдоого багытталган окуу китеби. Ж. х. окуу китеби эки бөлүмдөн турат деп айтууга болот: 1-чи бөлүмүндө хим. илиминин негизин түзгөн хим-нын закондору жана теориялык көз караштары келтирилген, б. а. заттар түзүлүшү, эритмелер жана ар түрдүү агрегаттык абалдагы заттар касиеттери, хим. реакциялар жана заттар класс-тары, атом түзүлүшү, хим. байланыштар теориясы, хим. термодинамика, кинетика жана теңдештиктин закондору, электрохимиянын, координациялык хи-миянын, ядролук химиянын, коллоиддик системалардын негизги көз караштары келтирилген. Ж. х-нын негизин Элементтер мезгилдик системасы түзөт. 2-чи бөлүмүндө орг. эмес химнын негизи бол-гон элементтер, алардын бирикмеле-ринин типтери, касиеттери жана айланыштарынын закон ченемдүүлүктөрү келтирилген. Үстүртөн болсо дагы орг. реакциялар механизми, жогорку мол-луу бирикмелер жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ошону менен катар практи-калык маселелерине да орун берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү