Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ), (орус. Организация Договора о коллективной безопасности (ОДКБ)) - келишимдин негизинде бир нече Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий союз.

КМШнын жамааттык коопсуздук системасын түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бул эң маанилүү маселе КМШнын алты мамлекетинин - Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башчылары 1992-ж. 15-мартта ЖККУ кол коюшкандыгынын аркасында чечилген. Ага ылайык кол койгон тараптар өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттер менен пикир келишпестиктерин жалаң тынчтык каражаттары менен чечүүгө милдеттенишкен.

1993-ж. Келишимге Азербайжан, Грузия жана Беларусь кошулган. ЖККУ Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгында 1995-ж. 1-ноябрда катталган.

Келишимге ылайык катышкан мамлекеттердин башчыларынан, тышкы иштер жана коргонуу министрлеринен жана жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынан турган курамдагы - Жамааттык коопсуздук кеңеши түзүлгөн. Кеңеш келишимге катышуучулардын кызматгаштык ишин координациялайт жана камсыз кылат деп айтылган.

Бирок, 1999-ж. апрелде үч мамлекет - Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимди Узартуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан эмес, алар де-факто анын курамынан чыгып кетишкен.

ЖККУнун максаты: келишимдин катышуучу өлкөлөрүнүн территориалдык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана жардамчы бөлүктөрдүн биргеликтеги күчү менен тышкы согуштук-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо.

Курамы түзөтүү

Парламенттик ассамблея алдында байкоочу-мамлекеттер түзөтүү

Мүчөлүгүн токтоткон мамлекеттер түзөтүү

  • Азербайжан (24-сентябрь 1993-ж. - 2-апрель 1999-ж.)
  • Грузия (9-сентябрь 1993-ж. - 2-апрель 1999-ж.)
  • Өзбекстан (15-май 1992-ж.-2-апрель 1999-ж., 6-август 2006-ж.-28-июнь 2012-ж.)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8