Жаназа (арабча маркум маанисинде) - кайтыш болгон мусулман адамга багышталып окула турган дуба намаз. Жаназа окуу маркумдун күнөөлөрүнүн жана кемчиликтеринин кечирилишин кудайдан суранып, жерге берилиши көрсөтүлгөн акыркы мусулмандык зыйнат болуп саналат. Таза жуулуп, кепинделип, табытка салынган маркумдун сөөгү жамаат (даараты бар эркектер гана) алдына жерге коюлат. Жаназа окуган имам маркумдун көкүрөгүнүн тушунда кыбылага карап, жамаат имамдын артында тикесинен турушат. Жаназа окууда маркумдун ким (эркек, аял, уул бала, кыз бала) экендиги, жаш курагы (жашы өтүп калган, балакатка «күнөө» жашына жеткен эркектерге 12 жаш, аялзаты үчүн 9 жаш, балакатка жетпеген же наристе) айтылып, ошого жараша дуба окулат. Шарият шарты боюнча жаназа окулгандан кийин маркумдун сөөгү жерге берилет. Өзүн өзү өлтүргөндөргө, кайырдиндерге, шейит болгондорго жаназа окулбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5