Жансу Дере түрк. Cansu Dere)

Жансу Дере
түрк. Cansu Dere
Туулган датасы:

14 -октябрь 1980(1980-10-14) (43 жаш)

Туулган жери:

Түркия, Анкара

Жарандыгы:

 Түркия

Кесиби:

Актриса, фотомодель

Карьерасы:

2004 - азыркы учурда

IMDb:

ID 1754048

cansudere.org

Кыскача маалымат түзөтүү

  • Туулган жылы, күнү – 1980-жыл, 14-октябрь
  • Туулган жери – Түркия, Анкара шаары
  • Бою – 176 сантиметр
  • Салмагы – 55 килограмм
  • Билими – Стамбул университети, археология бөлүмү
  • Хоббиси – Сүрөт тартуу, дүйнө кыдыруу
  • Тартылган тасмалары – «Сыла. Үйгө кайтуу» (Сыла), «Эзель» (Эйшан Атай), «Даңазалуу кылым» (Фируза) жана башкалар.

Биография түзөтүү

Орус классикасын, өзгөчө Достоевскийдин чыгармаларын сүйүп окуган Жансу Дере жашында балерина болууну каалаган. Бирок анын бул кыялы кыял боюнча гана кала берди. Анткени тарых сабагын жата калып окуган Дере археолог болууну чечип, Стамбул университетине сапар алат. Студенттик кези ага моделдик бизнестин эшигин ачат. Тагыраак айтканда, ал «Университет сулуусу» сынагына катышып, алдыңкы орунду ээлейт. Көп өтпөй «Түркия сулуусу» сынагына катышып, баш байге буюрбаса да, 1-орунду ээлеген ага Европа көргөзмөлөрүнөн чакыруу түшөт. Ошентип, Жансу Дере Париж менен Миландагы мода көргөзмөлөрүнө катышып, кыска убакыт ичинде Түркиядагы эң көп каражат тапкан моделдердин катарын толуктайт. Ушундан кийин ал режиссёрлордун да көзүнө чалдыгып, алардан сунуштарды ала баштайт. Анын кино тармагына болгон кадамы 2002-жылдан башталып, алгач «Күүгүм» телесериалында тушоосун кескен. Ал эми атактуулукту ага Гүл Огуздун «Сыла. Үйгө кайтуу» тасмасы алып келген. Өзү да азыркыга чейин «2006-жыл менин жылым, менин ачылышым болгон» деп баса белгилеп келет. Мындан сырткары Жансу фотоаппарат менен сүрөт тартууга абдан кызыгат. Тарткан сүрөттөрүн Instagram`га киргизип турат. Ал гана эмес, Стамбулда сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүгө сунуш алган. Бирок азырынча ага шашылбай турганын билдирген. Актрисанын дагы бир хоббиси – саякаттоо, дүйнө жүзүнүн ар бир бурчуна барып чыгуу.

Мүнөздөмө, ийгилик түзөтүү

Жансу Дере мектепте бою узун кыздардын катарын толуктап, арткы партаны эч кимге берчү эмес. «Эмнеге экенин билбейм, теректей болгон боюмдан тартына берчүмүн. Азыр, тескерисинче, келбетим менен сыймыктанам. Келбетимди сактайм деп диетага отурбайм. Болгону майлуу, куурулган тамактардан баш тартам, кээде эле жакшы көргөн пирожкимди жегеним болбосо. Кофе, Кока-Кола жана спирт ичимдиктерин да четке кагам. Таттуу азыктарга башынан эле жокмун. Күнүмдүк рационума сөзсүз зайтун майы кошулат. Анан да сууну көп ичем»,- дейт сулуулугу тууралуу актриса. Сулуулугуна өзгөчө кам көргөн актриса бүгүнкү күнгө чейин «Magnum», «Avon», «Loreal Paris» косметикалык фирмаларынын жүзү болууга жетишкен. Эске салсак, «Loreal Paris» фирмасы Түркиядан алгачкылардан болуп Жансу Дерени тандап алган.

Жеке жашоосу түзөтүү

Чынында, түрк сулуусуна кимдердин гана көзү түшпөдү. Бирок актриса «түзүлгөн келишим боюнча мен жеке жашоом жана саясат жөнүндө айтпашым, сүйлөбөшүм керек» деп жеке жашоосун ачыкка чыгарбайт. Ошентсе да папараццичилер, журналисттер ал тууралуу көп маалыматтардын башын чыгарып келишет. Актрисага көз салгандардын бири куудул Жем Йылмаз. Экөө 4 жыл сүйлөшкөнү менен, жыйынтыгы мышык ыйлагыдай болуп аяктаган. Тактап айтканда, Илмаз Жансунун жакын курбусу менен мамиле түзүп, ага баш кошуп алган. Актриса «Сылага» тартылып жатканда сүйүктүүсүнө көп убактысын бөлүп, съёмкага кечигип, тартуучу топтон тил уккан. Ал гана эмес, өнөктөшү актёр Мехмет Алакурттун «экинчи Жансу катышкан долбоорго катышпайм» деп айтканы да бар. Бул ажырашуусунан кийин Жансу өзгөчө ысымдуу Аху Ятум аттуу мырза, «Догуш медиа» компаниясынын башкы директору Жем Айдын, Кенан Имирзалыоглу менен мамиле түзгөнү айтылат. Ал тургай анын Аху Ятум менен жарандык никеде жашагандыгын түрк журналисттери тастыкташкан. Мындан сырткары эл арасында Халит Эргенч («Даңазалуу кылым», султан Сулейман) экөөнүн арзуусу жөнүндө да кептер айтылган. Бирок Эргенчтин аялы бул маалыматты четке кагып, «Жансу менен жакын мамиледемин. Ал мындай ишке барбайт» деген жообун берген. Жигиттерден көңүлү калганбы, айтор, актриса акыркы маектеринде «Келбеттүү мырзалардан көңүлүм калды. Алардан жамандыкты гана күтсө болот. Азырынча жан биргем жок. Эгер тапсам, мындан аркы жашоомду үй-бүлөмө арнайм» дейт.

Шилтемелер түзөтүү