Жансыз деңиз (ар. Бахр - Лут) – Ж. Чыгыштагы эң туздуу туюк көл. Иордания менен Израилдин аймагында, Гхор (Эль-Гор) тектон. ойдуңунда деңиз деңгээлинен 418 м төмөн жайгашкан (жээк аймагы – Жер шарындагы кургактыктын эң жапыз жери). Аянты 1050 км2, узундугу 76 км, тереңдиги 356 м (башка маалымат боюнча 335 м). Жээктери чөлдүү, айрым жерлери аскалуу. Көлгө Иордан дарыясы куят. Жансыз деңиз дүйнөдөгү эң туздуу көлдөрдүн бири (туздуулугу 260–270, айрым жылдары 310‰ге чейин жетет). Аталышы сууда организмдин (бактериялардын айрым түрлөрүнөн башкасы) жоктугунан келип чыккан деп далилденет. Батыш жээгиндеги үңкүрлөрдөн 1947-ж. байыркы еврей, араб, грек, латын жана башка тилдердеги кол жазмалардын (көбүнчө биздин заманга чейин 2-кылым – биздин замандын 2-кылымына таандык) үзүндүлөрү табылган. Жансыз деңиздин батыш жээгинде, Иордан дарыясынын чатында библия мифологиясындагы белгилүү Содом жана Гоморра шаары жайгашкандыгы божомолдонот. Түштүк жээгинен калий жана башка туздар казып алынат.

Жансыз деңиз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1