Жанында алып жүргөн нерселер

"Жанында алып жүргөн нерселер" (англ. The Things They Carried) – америкалык жазуучу Тим О’Брайендин Вьетнам согушу учурундагы америкалык аскерлердин взводу жөнүндөгү кыска аңгемелер жыйнагы. Согуш жөнүндөгү үчүнчү китеби, жазуучунун 23-жөө аскер бөлүктөрүндө алган тажрыйбасынын негизинде жазылган. Саясий дебаттардан жана Вьетнам согушу жөнүндөгү талкуулоолордон өзүн кармап турган О’Брайен, өз шаарынын тургундарынын дүйнөгө жасаган түркөйлүк аны азапка тартчу. Ушул түркөйлүк “Жанында алып жүргөн нерселер” китебин жазууга түрткү болду. Китеп алгач 1990-жылы Houghton Mifflin басмаканасынан жарыкка чыккан. Китептин каармандарынын көбү О’Брайендин жеке жашоосу менен байланыштуу жана анын “Согушта каза тапсам, табытка салып үйгө жөнөткүлө” (англ. If I Die in a Combat Zone, Box Me Up and Ship Me Home) мемуарынын каармандарына шайкеш. Чыгармада метафикшн жана чындыкка жакын жазуу тактикасы колдонулат. Чыныгы аттардын колдонушу жана жазуучунун өзү чыгарманын башкы каарманы болушу - адабий жана документалдык чыгармалардын ортосундагы чектерди жокко чыгарат. Согуш мемуарына окшошсун деп “Жанында алып жүргөн нерселер” Альфа компаниянын чыныгы эмес адамдарына арналган.

Жанында алып жүргөн нерселер (1990).

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү