Жаныштар - чамустар, буйволдор (лат. Bubalus) – көңдөй мүйүздүү сүт эмүүчүлөрдүн жакын уруулары. Көбүнчө 2 урууну (Азия жана Африка жаныштары) бириктирет. Дене узундугу 100–290 см, куйругу 15–90 см, бийиктиги 62–180 см, салмагы 150–1200 кг. Башы чоң, моюну кыска, буттары жоон ири жаныбар. Эркеги ургаачысынан чоң, мүйүзү да узунураак, жүнү кара күрөң же каралжын. Азия жаныштары Түштүк жана Түштүк Чыгыш Азияда жашайт. Көбүнчө калың токойлорду, саздуу жерлерди байырлайт, сууда жакшы сүзөт. Афика жаныштары Сахарадан түштүктү карай түрдүү ландшафтты (кургак саваннадан тропик токойлоруна чейин) мекендейт. Негизинен өсүмдүк жалбырагы, бутагы, мөмөлөрү, чөп, суу өсүмдүктөрү менен азыктанат. Жупташып же чоң топ түзүп (кээде 2000ге чейин) жүрүшөт. 25–30 жыл жашашат. Колго үйрөтүлгөн породалары бүт дүйнөгө таралган. Жаныштар оор жүк ташуу жана сүт алуу үчүн пайдаланылат. Азия жаныштарнын жапайы популяциясы азайып кеткен. Жаныштартын бардык түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Bubalus bubalis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1