Жапон деңизи - Тынч океанындагы жарым жартылай туюк деңиз.

Жапон деңизи.

Евразия менен Корей ж. а., Жапония жана Сахалин а-нын ортосунда. Орусия, КЭДР, Корея Республикалык жана Жапониянын жээктерин чулгайт. Охота деңизи менен Татар, Невелской жана Лаперуз кысыктары; Тынч океан менен Цугару (Сангар) кысыгы; Чыгыш Кытай жана Сары деңиздери менен Корей кысыгы аркылуу туташат. Аянты 1062 км2. Эң терең жери 3720 м. Ири булуңдары: Чыгыш Корей, Улуу Петр. Климаты мелүүн, муссондук. Суусунун үстүнкү катмарынын температурасы түндүктө 0° ... - 1,3°Сдан түштүгүндө 12°Сга чейин, жайында 17°Сдан 26°Сга чейин өзгөрөт. Түндүгү кышкысын тоңот. Туздуулугу 27,5-34,8%оге чейин. Беймаал ташкындайт (0,5 мте чейин). Татар кысыгында суткасына эки жолу ташкындайт. Балык кармалат, краб, трепанг, балык промыселдери ж. б. бар.

Башкы порттору: Владивосток, Находка (РФ), Ниигата, Цуруга, Майдзуру (Жапония), Пусан, Ульсан (Корея Республикалык), Вонсан, Хыннам (КЭДР).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4