Жаран же атуул ― укуктук негизде белгилүү бир мамлекетке таандык адам. Жаран кеңири укуктар менен эркиндиктерге жана белгилүү милдеттерге да эгедер. Айкын мамлекеттин жарандары өзүнүн укуктук абалы боюнча чет элдик жаран жана ал мамлекеттин аймагында жарандыгы жок адамдардан айырмалуу. Алып айтсак, саясий укук жана эркиндиктерге жаран гана ээ боло алат.

Кыргызстандын жарандык мыйзамдарында «жаран» аталгысы менен, эгер мыйзамда башкача аныкталбаса, баардык жеке адамдар (Кыргызстандын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар) түшүнүлөт.

Булактар түзөтүү

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7