Жарым чөл зоналары – кургактыктагы жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылган жаратылыш зоналары. Мелүүн алкактардын чөл жана талаа зоналарынын, тропик алкактарынын чөлү менен саванналарынын (чөлдөшкөн саванналарынын) аралыгындагы өтмө абалды ээлейт. Антарктидадан тышкары бардык материктердин океанга жакын батыш жана ички бөлүктөрүндө кеңири тараган. Ага кургак континенттик климат мүнөздүү; жаан-чачындын жылдык өлчөмү 300 ммден ашпайт (буулануудан 3–6 эсе аз). Жайы ысык (абанын орточо температурасы 20–25ᵒС, тропиктерде 30ᵒС), кышы Түндүк жарым шардагы мелүүн алкактарда суук (январдын орточо температурасы 0ᵒСден төмөн, айрым жеринде –20ᵒСге жетет); андан төмөнкү кеңдиктерде жылуу (субтропиктерде 0–10ᵒС; тропиктерде 12–20ᵒС). Агын суулары чакан, айрымдары кургакчыл мезгилде, адатта, соолуп калат. Топурактардан ачык каштан, коңур, бозомук-күрөң, боз топурактар басымдуу; айрым жеринде шортоң топурактар, көчмө кумдар кездешет. Өсүмдүктөрү, адатта, суйдаң, анда кылкан-шыбактуу (Евразияда) көп жылдык өсүмдүктөр жана бадалдар (башка континенттерде) басымдуу. Кышында жана кургакчыл мезгилде өсүмдүк вегетациясы тыныгат. Мелүүн алкакта жарым чөл зоналары Азияда кеңири тараган; ал Каспий бою ойдуңунан Чыгыш Кытайга чейин 10 миң кмге созулат. Субтропик алкагында текши тилкени түзбөйт, көбүнчө тайпак тоолорго жана айрым тоо массивдерине гана мүнөздүү. Африканын тропиктик бөлүгүндө (Сахарадан түштүктө жайгашкан чөлдөшкөн саванна), ошондой эле Түштүк Америкада жана Австралияда кездешет. Өсүмдүктөрү табигый жайыт, сугат жерлери – оазистери жана дарыя өрөөндөрү дыйканчылыкта пайдаланылат.

Казакстан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1