Жарым өткөргүчтөр – электр өткөрүүсү металлдыкынан (106–104 Ом–1см–1) аз жана диэлектриктен (10–8 – 10–12Ом-1см–1) чоң болгон заттар. Металлдан айырмаланып, температура көтөрүлгөндө электр өткөргүчтүгү жогорулайт, тескерисинче, төмөнкү температурада азаят. Электр өткөргүчтүгүнө температурадан башка жарык, электр талаасы, бөлүкчөлөрдүн агым ылдамдыгы жана башка таасир этет. Жарым өткөргүчтөр кристалл, аморфтук жана суюк заттардан туруп, аларга Ge, Si жана башка кирет. Электрондор жана көңдөйчөлөр заряд алып жүрүүчү болуп эсептелет. Идеалдуу кристаллда алар түгөйлөш жүрүп, концентрациясы бирдей болот. Ал эми реалдуу кристаллда электрондор менен көңдөйчөлөрдүн концентрациясынын тең салмактуулугу бузулушу мүмкүн, бул учурда өткөрүмдүүлүк алып жүргүчтүн бир гана тиби (электрон же көңдөйчө) менен ишке ашырылат. Эгер кристаллдын кандайдыр бир зонасы электронго толуп, ал эми экинчиси таптакыр бош жана чоң тоскоол кеңдигине ээ болсо анда ал диэлектрик болот. Температура Т=0 болгондо чала толгон зоналары жок жана тоскоол зонасы диэлектриктикинен кууш кристаллдар жарым өткөргүч деп аталат. Жарым өткөргүч таза (элементардык) жана аралашмалуу болуп экиге бөлүнүшөт. Таза жарым өткөргүчдү түзүүчү 12 элементтин ар бири монокристаллдарды түзүшөт. Алар Менделеевдин таблицасынын III тобунан Бор (5В); IV топтон: 6С, 14Si, 32Ge, 50Sn; V топтон 15Р, 32As, 51Sb; VI топтон 16S, 34Se, 53Tl; VII топтон 53J. Аралашма жарым өткөргүчгө жогоруда каралган жарым өткөргүчдүн аралашмалары, алардын жарым өткөргүчкө кирбеген элементтер менен болгон аралашмалары, ошондой эле органикалык заттардын аралашмаларын да камтыган өтө көп түрлөрү кирет. Негизинен 2 типтеги аралашма жарым өткөргүч кездешет. Эгерде таза жарым өткөргүчгө валенттүүлүгү жогору болгон элементтер (донорлор) кошулса, анда n тибиндеги Жарым өткөргүчдү алабыз. Жарым өткөргүчтүү материалга (мисалы, кремний, германий монокристаллдары жана башка) кошунду атомдордон бир аз кошуп, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга болот. Бул учурда көңдөйчөгө караганда электрондору көп n тибиндеги же электронго караганда көңдөйчөсү көп р тибиндеги жарым өткөргүч пайда болот. Качан гана n жана р тибиндеги материалдар биригип, р–n өткөөлү түзүлгөндө электр тосмосу пайда болуп, токту бир багытка жакшы, ал эми экинчи багытка начар өткөрөт. Жарым өткөргүч электр, радио, жарык жана жылуулук техникасында, автоматикада, прибор курууда жана башка техникалык тармактарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1