"Жасалма интелект" (англ. A.I. Artificial Intelligence, орус. Искусственный разум) жана ошондой эле "Ж.А." (англ. A.I., орус. И.И.) аталышында белгилүү болгон тасма, 2001-жылы Стивен Спилберг тарткан америкалык илимий фантастикалуу драма. Стивен Спилберг жазган тасманын сценарийи Ян Уотсондун жана 1969-жылы Брайан Алдис жазган "Мыкты оюнчуктар жай боюнча бышык" чыгармаларына негизделген. Тасманын продюсерлери: Кэтлин Кенеди, Спилберг жана Бонни Куртис. Ошондой эле тасмага тартылгандар: Халей Жоэл Осмент, Жүд Осмен, Френсиз О'Коннор, Брендан Глиисон жана Уиллиям Хөрт. Тасма климаттын өзгөргөндүгүнөн кийинки коомчулукту чагылдырып, сүйө билүү жөндөмдүүлүгү менен программаланган жана балага окшош андроид Дэвиддин (Осмент) окуясын баяндайт.

Тасманы тартууга алгачкы кадамдарды продюсер жана режиссёр Стенли Кубрик, 1970-жылы Алдистин чыгармасын колдонууга уруксат алгандан кийин баштаган. Кубрик, 1990-жылдын ортолоруна чейин Брайан Алдис, Боб Шоу, Ян Уотсон жана Сара Мейтленд сыяктуу жазуучуларды ишке алган. Бирок ал учурда баш каарман Дэвиддин ролун жакшы ачып берүү үчүн компютердик технологиянын жетишсиздигин эске алуу менен жана анын ролун андан башка бала аткара албастыгына ишенген Кубрик, "Ж.А.ны" бир нече жыл көрсөтпөстөн сактаган. Кубрик 1995-жылы гана "Ж.А.ны" Спилбергге берген. Бирок 1999-жылы Кубриктин каза болушу, тасманы чыгарууга дем-күч берген. Спилберг, тасманын сценарийине салым кошкондугу үчүн Уотсон менен жакшы мамиледе калган. Тасма чыккандан кийин негизинен жакшы сын-пикирлерге ээ болуу менен 235 миллион АКШ доллардык кирешеге ээ болгон.

Тасма 74-"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде "Мыкты визуалдык эффект" жана "Мыкты музыка" (Жон Уиллиямс) наамдарына көрсөтүлгөн. "Жасалма интелект" Стенли Кубриктин элесине арналган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү