Жаңы-Жер (аралдар тобу) – Түндүк Муз океанындагы архипелаг (аралдар тобу). Баренц жана Кара (Карск) деңиздеринин аралыгында. Аянты 83 миң км2. Маточкин Шар жана көптөгөн майда аралдар менен бөлүнгөн эки ири Түндүк (48,9 миң км2) жана Түштүк (33,3 миң км2) аралынан турат. Бийиктиги 1547 мге чейин (Түндүк аралында). Аймагынын 1/4ге жакын бөлүгүн муз каптап жатат, анын көбү Түндүк аралында. Көп бөлүгү арктикалык чөл зонасына, Түштүк аралынын бир аз бөлүгү арктикалык тундра зонасына кирет. Ак түлкү, деңиз айбанаттары (түлөн, суу арстаны) промысели бар. Куш «базары». Уюлдук станциялар (Кичи Кармакула, Орус Гаваны, Үмүт тумшугу жана башка) жайгашкан.

Жаңы-Жер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү