Жеймс Брендан Паттерсон (англ. James Brendan Patterson) - 1947-жылы 22-мартта туулган америкалык жазуучу жана филантроп. Анын чыгармаларына "Алекс Кросс" (англ. Alex Cross), "Майкл Беннет" (англ. Michael Bennett), "Аял тергөөчүлөрдүн клубу" (англ. Women's Murder Club), "Макс" (англ. Maximum Ride), "Дениэл-Икс" (англ. Daniel X), "Нү-Йорк полиция департаменти" (англ. NYPD Red), "Сыйкырчылар" (англ. Witch and Wizard), "Жеке менчик" сериялары (англ. Private series) жана ошондой эле көптөгөн укмуштуу окуялуу романдары, документалдык жана романтикалуу окуялары кирет. Жазуучунун жалпысынан 300 миллиондон ашык китеби сатылган, ал эми электрондук китептердин сатылышы боюнча Паттерсон биринчилерден болуп 1 миллион китеп саткан. 2016-жылы, Паттерсон, 95 миллиондук кирешеси менен, үчүнчү жыл катары Forbes тизмесинин эң жогору төлөнгөн жазуучулардын тизмесине кирген. Жазуучунун он жылдык кирешеси 700 миллион доллары түзгөн.

Жеймс Паттерсон.

2015-жылдын ноябрында, Улуттук китеп уюму Паттерсонго Literarian сыйлыгын ыйгарган жана ал жөнүндө мындай деп айткан: "Китеп окууну улуттук приоритети кылган кампаниянын ашыктыкка берилген мүчөсү. Берешен колдоочу Паттерсон, америкалыктарды китеп окууга шыктандыруу максаты менен, университетерге, окутуучуларга, жеке китеп дүкөндөрүнө, мектеп китепканаларга жана студенттерге миллиондогон доллардык жардам берген".

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү