Жекен

Жекен (чөп)‎»‎ барагынан багытталды)

Жекен (чөп) (лат. Typha, L. 1753) – жекендер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. Жекендин 15 түрү белгилүү. Тамыр сабактуу, сабагы жоон, бийиктиги 3 мге жетет. Жалбырагы тасма сымал узун, ичке. Гүлү майда, топ гүлү – сото, сотонун төмөн жагында аталык гүлдөрү жайгашат, уругу үпүлүү. Кээси сууда, айрымдары саздуу жерде өсөт. Малга жакшы тоют, кээ бир түрү – отоо чөп. Жекен көбүнчө субарктика, мелүүн жана тропик алкактарга мүнөздүү. Кыргызстанда 7 түрү бар. Анын ичинен жазы жалбырактуу жана ичке жалбырактуу жекен эң көп таралган. Саздак жерлерди өздөштүрүүнүн кесепетинен жекендин айрым түрү азайып кеткен. Алар биосферанын тең салмактуулугун сактоодо мааниси чоң. Жалбырагынан төшөнчү, чий согулат, крахмалдуу тамыр-сабагы желет, сотосунун бүрлөрү жаздыкка салынат, ар кандай баш кийимдерди токууда жана кагаз өндү­рүшүндө колдонулат.

Typha latifolia.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1