Женнифер Линн Коннелли (англ. Jennifer Connelly;1970-жылы 12-декабрда туулган) — өз эмгек жолун кичине кезинен тарта модел катары баштаган америкалык киноактриса. Ал "Америкада бир кезде" (англ. Once Upon a Time in America) тасмасында дебют жасаганга чейин журнал, гезит жана телекөрсөтүү жарнамаларында тартылган. Коннелли моделдикти жана актердукту улантып, 1985-жылы жарык көргөн "Кубулуш" (англ. Phenomena) коркунучтуу кинотасмада башкы каармандын ролунда, 1986-жылдагы "Лабиринт" (англ. Labyrinth) жана 1991-жылдагы "Карьералык мүмкүнчүлүктөр" (англ. Career Opportunities) жана "Ракетачы" (англ. The Rocketeer) тасмаларында тартылган. Ал 1998-жылы чыккан "Караңгы шаар" (англ. Dark City) тасмасына жумшаган эмгеги үчүн жана 2000-жылдагы "Кыял реквиеми" (англ. Requiem for a Dream) драмасында Марион Силвердин образын жаратканы үчүн киносынчылардын оң баасына татыган.

2002-жылы Коннелли "Акылдын оюндары" (англ. A Beautiful Mind) тасмасында экинчи пландагы ролу үчүн "Оскар", "Алтын глобус" жана "БАФТАнын" сыйлыктарын утуп алган. Кийинчерээк ал 2003-жылы жарык көргөн "Marvel" компаниясынын супер баатырлар тасмасы "Халк" (англ. Hulk), "Кара суу" (англ. Dark Water), "Кан алмаз" (англ. Blood Diamond), "Жер токтоп калган күн" (англ. The Day the Earth Stood Still), "Ал гана эмес" (англ. He's Just Not That Into You) жана "Жаралуу" (англ. Creation) тасмаларында да тартылган. Ал "Кыял реквиеминин" режиссеру Даррен Аранофский менен "Кооз акыл-эсте" чогуу тартылган Рассел Кроу менен 2014-жылы жарык көргөн библиялык эпикалык "Нух" (англ. Noah) кинотасмасында кайра биригишкен.

2005-жылы Коннелли "Amnesty International" уюмунун адам укуктары боюнча билим берүү элчиси болуп дайындалган. Ал "Balenciaga" мода үйүнүн жүзү болгон жана "Revlon" косметикалык каражаттар компаниясынын жарнамаларында тартылган. 2012-жылы ал "Shiseido" компаниясынын биринчи дүйнөлүк жүзү болуп калган. "Time", "Vanity" жана "Esquire" журналдары, ошондой эле "Los Angeles Times" гезити аны өздөрүнүн дүйнөдөгү эң сулуу аялдардын тизмесине киргизишкен.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү