Жер жаңгак (Arachis) - буурчак сымалдуулар тукумундагы бир же кеп жылдык чөп уруусу.

Жер жаңгак

Мунун 10дон ашык түрү белгилүү. Көбүнчө Бразилия, Уругвай, Парагвайда өсөт. Анын бир гана түрү эгилет. Эгилме түрү бир жылдык өсүмдүк, бийикт. 25- 75 см. Тик же чырмалып өсөт, гүлү сары же саргыч, чанагында 1-7ге чейин Кызыл, кара, күрөң кабыктуу данеги бар. Түштүк-америкалык, азиялык жана кадимки болуп 3 түрчөгө бөлүнүп, Азия, Африка жана Европанын тропик, субтропик жана мелүүн алкактарында өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.