Жер магнетизми, геомагнетизмЖердин жана анын айланасындагы космос мейкиндигинин магнит талаасы; геофизика илиминин геомагниттик талаанын космос мейкиндигине чейинки таралышын, убакыт боюнча өзгөрүшүн аны менен байланыштуу болгон жердеги жана жогорку атмосферадагы физикалык процесстерди изилдөөчү тармагы. Жер мейкиндигинин ар бир чекитиндеги геомагниттик талаанын абалы толук чыңалуу вектору (Т) менен мүнөздөлөт. Т аталган чекит аркылуу жүргүзүлүүчү тик бурчтуу координаттык системанын окторуна карата түзүүчүлөргө бөлүнөт . Толук чыңалуу векторунун ХОҮ мейкиндигине болгон проекциясы же Ү, Хтин геометриялык суммасы Жердин горизонттуу чыңалуу күчүн (Н) пайда кылат. Н вектору менен Х огунун бурчу магниттик кыйшаюуну (Д) берет. Х огунун багыты магниттик меридиан деп аталат. Эгерде Н вектору Х огунан Ү огуна карай жылса, магниттик кыйшаюу оң деп аталат. Тескерисинче, Н вектору Хтен батышты карай жылса, терс болот. Толук чыңалуу вектору Тнын ХОУ горизонттук мейкиндиги менен түзгөн бурчу жантаюу бурчу деп аталат да, J менен белгиленет. Жогоруда аталган Х, Ү, Z, H, Т, Д, J – жер магнетизминин элементтери. Н вектордун ар бир чекитиндеги багыты магниттик меридиандын абалын көрсөтөт. Түндүк жана түштүк уюлдарда бүт магниттик меридиандар кошулуп, уюлдарды пайда кылат. Азыркы геофизикалык теория боюнча жер магнетизминин негизги (99%) же өтө жай өзгөрүүчү бөлүгү ядродогу тынымсыз болуп туруучу электрмагниттик процесстердин натыйжасында пайда болот. Калган үлүшүнө жердин магнитосферасы менен ионосферадагы өзгөрмө кубулуштар кирет.

Жер магнетизми.

Геомагниттик талаанын чыңалуу күчтөрү экватордо 0,35 э болсо, жер шарынын уюлдарында 0,65 э болот. Жердин магниттик күч сызыктарынын табигый абалынын өзгөрүп кетиши аномалия деп аталат. Аномалиялар ургаалдыгына, ээлеген аянтына, чоңдугуна карата дүйнөлүк, аймактык жана жергиликтүү болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк аномалиянын чыңалуу күчү жерден 3000 км бийиктикке чейин байкалат. Дүйнөлүк аномалия жердин тереңиндеги процесстер менен тыгыз байланышта болот да, планетабыздын бардык аймактарында бирдей боло бербейт. Жердин магнетизминин өзгөрмөлүүлүгү Күндөгү татаал процесстер менен байланыштуу. Күндөн келүүчү заряддар, плазма толкундары (шамал) Жерден 18 миң км бийиктикте магниттик күч сызыктарынын табигый түзүлүшүн кескин өзгөрүүгө учуратат. Магнитосферанын чегинде плазма агымынын басымы жердин магниттик басымы менен теңдешет жана геомагниттик күч сызыктары боюнча сыйгаланып, уюлдарды карай багытталат. Уюлдарда иондошуу көбөйгөндүктөн, уюлдук жаркыроолор пайда болот. Магнит талаасынын ургаалдуулугу тез жана жогорку даражага жогорулашы магнит куюндары деп аталат. Күн шамалы магнитосфера менен ионосфера аркылуу өткөндө, электр тармактарын кескин өзгөртүп, өтө күчтүү электр токторун пайда кылат. Бул электр токтору космос мейкиндигинен жер бетине чейинки магниттик талааны өзгөртөт. Геомагниттик талаа тирүү организмдерге, өсүмдүктөргө жана адам баласына таасир этет. Жер магнетизми изилдөө иштеринин жыйынтыктары анын геомагниттик элементтеринин карталары, деңиз, аба, геодезия, маркшейдерия, жер титирөө, байыркы тектерди чалгындоо, радио байланыш, космоско учуу убагындагы радиациялык абалды билүүдө жана башка тармактарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4