Жессика Честейн

Жессика Мишел Честейн (англ

Жессика Мишел Честейн (англ. Jessica Chastain;1977-жылы 24-мартта туулган) - америкалык актриса жана кино продюсер. Ал Сономанын жанындагы чакан шаарчада туулган, Калифорния штатынын , [а] Сакраменто шаарында чоңойгон. Честейн бала чагынан эле кино тармагына кызыга баштаган. 1998-жылы, ал У. Шекспирдин Жульета каарманынын ролун ойноп,сахнадагы алгачкы кадамын таштаган.. Жулярд окуу жайында актерлук кесип боюнча билим алгандан соң теле продюсер Жон Уэлс менен келишим иштөө үчүн келишим тузгөн. Актриса бир нече телесериалдарда ролдорду жараткан. "Мыйзам жана тартип: сот арачылары" (англ. Law & Order: Trial by Jury) деген сериалда ойногон. Ж. Честейн Антон Чеховдун чыгармасынын негизинде коюлган "Алча (чие) багы" (англ. Cherry Orchard) пьесада 2004-жылы ойносо, Оскар Уайльддын "Саломея" (англ. Salome) трагедиясында 2006-жылы роль жараткан.

Честейндин кинодогу дебюту катары "Жолин" (англ. Jolene) тасмасы аталат. "Калка" (англ. Take Shelter) жана "Өмүр дарагы" (англ. The Tree of Life) тасмаларында роль жараткан. 2011-жылы актриса алты тасмада ойногондугу менен коомчулукка таанымал болгон. "Жардамчы" (англ. The Help) тасмасындагы ишкердин аялынын ролу "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. 2012-жылы ал "Алтын глобус" сыйлыгына татыктуу болгон жана "Түнкү он эки жарым" (англ. Zero Dark Thirty) триллеринде Борбордук чалгын кызматынын агенти Майянын ролу үчүн актриса экинчи жолу "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. Честейн ошол жылы Бродвейде алгачкы жолу "Мураскор" (англ. The Heiress) тасмасында ойногон. Анын жогорку ийгиликтерге жеткирген жана кирешеси көп тасмалары "Жылдыздар арасында" (Interstellar, 2014) жана "Марстык адам" (англ. Marsian, 2015) болду. Актриса "Элеанор Регбинин жоголуусу" (The Disappearance of Eleanor Rigby, 2013) , "Эң каардуу жыл" (англ. A Most Violent Year, 2014), "Мисс Слоун" (англ. Miss Sloane, 2016) тасмаларына тартылып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон.

Честейн эки жолу "Оскар" сыйлыгына жана Британиянын кино сыйлыгына талапкер болгон. Актриса өзүнүн ролдоруна кылдаттык менен даярдангандыгы менен белгилүү болгон. Актриса Freckle Films кинокомпаниясын негиздеген, жана ал компания кинодогу ар түрдүүлүктү сактоо максатын койгон. Ал жарандык активист катары гендердик жана расалык тең укуктуулук жана психикалык саламаттык боюнча социалдык маселелерде үн кошуп келет. Time журналы 2012-жылы актрисаны "Дүйнөдөгү 100 эң таасирдүү адам" тизмесине кошкон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү