Жети-Өгүз району ― Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы административлик-аймактык бирдик. Борбору Кызыл Сууда жайгашкан. Анын аянты 14,499 чарчы чакырым, ал эми туруктуу калкы 2009 жылы 82,085 кишини түзгөн. Дубан Тескей Ала Тоо Кыркаларынын чыгыш четинде турат.

Жети-Өгүз району
Герб
Герб
Желек
Желек
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

областык район

Областка карайт

Ысык-Көл областы

Районго карайт

13 айыл өкмөтү, 51 айыл

Административдик борбор

Кызыл-Суу

Калкы

99,690 адам[1]

Улуттук курамы

кыргыздар — 91,2%
орустар — 4,5%
дунгандар — 2,4%
уйгурлар — 0,9%[1]

Диний курамы

ислам, христиан

Тууралыгы

42.515638

Узундук

78.532676

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Автоунаа номурунун коду

I,IK

Географиясы түзөтүү

1930-жылдары уюшулуп, 1963-жылдары Тоң районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн. Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң, түштүк батышынан Нарын облусу, түштүк чыгышынан Кытай Элдик Республикасы менен чектешип турат. Райондо 13 айыл кеңеши, 51 айыл бар. Райондун борбору - Кызыл-Суу айылы.

Райондун аймагы негизинен тоолуу, рельефине жараша 2 зонага бөлүнөт: түздүктүү түндүк (Ысык көлдүн жээк түздүгү жана Тескей Ала тоонун түндүк этеги, анын өрөөн, капчыгайлары) жана Тескей Ала тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында жаткан Ысыккөл сырты. Негизги тоо тармактары: Тескей Ала-Тоо (райондун аймагындагы эң бийик жери Ит-Тиш чокусу, 4808 м), Ак-Шыйрак тоо тоому (5125 м), Борколдой кырка тоосу (5170 м), Жетимбел кырка тоосу (4627 м), Какшаал тоо тизмеги (5200 м).

Негизги өрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөнү, Жогорку Нарын өрөөнү (Карасай, Тарагай), Үчкөл – Сарычат өрөөнү ж. б. Алар деңиз деңг.1608 мден (Ысыккөл өрөөнү) 3200 м бийиктикке чейин (Арабел өрөөнү) жайгашкан. Тескей Алатоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында деңиз деңг. 2500 мден жогору жайгашкан күдүрлүү кенен аймак – сырт жатат.

Кен байлыктары: калий, алтын (Кумтөр), вольфрам, коргошун, графит, темир, ошондой эле минералдуу жылуу булактар, курулуш материалдары ж. б.

Райондун Ысыккөл жак бөлүгүндө деңиздик, Сыртта кескин континенттик климат мүнөздүү. Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы салкын (Теке айынын орт. температурасы 17,5°С), кышы жумшак (Үчтүн айыныкы – 2,9°С). Сырттын кышы узак жана суук (Үчтүн айыныкы –22°С), жайы кыска жана салкын (Теке айыныкы 5°С). Жылдык жаан-чачыны Ысык-Көл өрөөнүндө 350–500 мм, Сыртта 200–300 мм.

Тоолору мөңгүлүү, алардан Нарын, Сары-Жаз, Үзөнгү-Кууш, Жети-Өгүз, Жууку, Барскон ж. б. суулар башталат. Майда көлдөрү бар.

Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Негизинен жарым чөлдүү кургак талаа, талаа–шалбаа, токой (негизинен карагай), субальп, альп, бийик тоолуу тундра, гляциалдык–нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.

Аймагынын бир бөлүгү Ысык-Көл биосфералык резерватына кирет; Жети-Өгүз аңчылык заказниги уюшулган.

Калкы түзөтүү

Калкы облустун калкынан 18,5%ын түзөт; көп улутту. Негизинен кыргыз (91,2%), орус (4,5%), дуңган (2,4%), уйгур (0,9%) ж. б. улуттар жашайт. Орто жыштыгы 1 км2 жерге 7 киши. Көбү көл кылаасында отурукташкан.

Курамы түзөтүү

Аймакта 13 айыл өкмөтү, 47 айыл бар.

Райондун айыл-кыштактары[2]
Айылдын аты Негизделген жылы Айыл аймагы Калкынын саны (2023) Райондун борборунан алыстыгы (км) Балыкчы т.ж. бекетинен алыстыгы (км)
1 Ак-Дөбө Ак-Дөбө 1887 21
2 Ак-Кочкор Жети-Өгүз 1976 27
3 Ак-Терек Жаргылчак 4479 25
4 Ак-Шыйрак 1928 Ак-Шыйрак 68 248
5 Аң-Өстөн Ак-Дөбө 1998 18
6 Барскоон 1911 Барскоон 9533 45
7 Богатыровка 1911 Липенка 1303 25
8 Боз-Бешик 1932 Оргочор 1562 15
9 Балтабай (Алкым) Ырдык 1213 26
10 Даркан 1911 Даркан 7398 10
11 Жалгыз-Өрүк Кызыл-Суу 1584 2
12 Желе-Дөбө Жети-Өгүз 1340 17
13 Жеңиш (Чычкан) Жаргылчак 3563 24
14 Жети-Өгүз Жети-Өгүз 3986 24
15 Жети-Өгүз (курорт) Жети-Өгүз 328 24
16 Жон-Булак Ырдык 2243 26
17 Жууку Алдашев 60 15
18 Зеленый Гай (Койсары) Липенка 110 25
19 Ичке-Булуң Липенка 1548 32
20 Кабак 1929 Жети-Өгүз 1394 25
21 Кайнар (кыш зооту) 1957 Кызыл-Суу 415 15
22 Каракол 18 кылым Барскоон 0 160
23 Кара-Сай Барскоон 61 157
24 Кичи-Жаргылчак Жаргылчак 3872 31
25 Конкин Ырдык 842 27
26 Культцентр Ак-Шыйрак 192 217
27 Кургак-Айрык Оргочор 267 33
28 Кызыл-Суу 1867 Кызыл-Суу 15464
29 Кызыл-Суу пристаны Кызыл-Суу 233 9
30 Кытай Ырдык 735 24
31 Липенка 1911 Липенка 1803 21
32 Мундуз Ак-Дөбө 752 16
33 Оргочор 1932 Оргочор 2806 2
34 Подгорный Оргочор 1049 6
35 Саруу 1890 Алдашев 8501 5
36 Светлая Поляна (Сүттү-Булак) 1911 Светлая Поляна 3257 4
37 Сөөк Барскоон 0 106
38 Талды-Булак Жети-Өгүз 0 24
39 Тамга Тамга 3751 39
40 Тилекмат Ак-Дөбө 3366 13
41 Тосор 1928 Тамга 2736 55
42 Чоң-Жаргылчак 1928 Жаргылчак 1065 37
43 Чоң-Кызыл-Суу 1920 Светлая Поляна 893 4
44 Чырак 1912 Жети-Өгүз 2056 22
45 Ырдык Ырдык 3279 28
46 Ысык-Көл Алдашев 374 10
47 Ыштык Ак-Шыйрак 26 165

Экономикасы түзөтүү

Чарбасынын негизги тармагы — айыл чарбасы; 1149 дыйкан чарбасы, Оргочор асыл тукум дөөлөттүк зооту, Жети-Өгуз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниги иштейт (2001). Кийинки жылдары малдын санынын кыйла кыскарып кеткендигине карабастан Жети-Өгүз району малынын саны боюнча облуста 1 орунда.

Булактар түзөтүү