Жеңил автомобиль – экиден сегизге чейин жүргүнчү жана жүк ташуучу автомобиль. СССРде жеңил автомобиль алгачкы жолу Москвада «Спартак» заводунда 1927-ж. чыгарылган. Учурда Кыргызстанда пайдаланылып жаткан жеңил автомобильдер Москва, Нижний-Новгород, Ульяновск, Тольятти шаарында жасалып келүүдө. Ошондой эле алыскы чет мамлекеттерде (Япония, Германия, Америка, Англия, Франция) чыгарылган жеңил автомобильдер кеңири пайдаланылууда. Ал кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү боюнча төмөнкүдөй литраждуу болуп айрымаланышат: өтө кичине (1,2 лге чейин), кичине (1,2ден 1,8 лге чейин), орто (1,8ден 3,5 лге чейин), чоң (3,5 лден жогору). Жеңил автомобильдин ар бир классы – салмагы, өлчөмү орточо пайдалануу көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт. Жеңил автомобильдин кузову ар түрдүү болот: седан – кузову (чанагы) жабык, 4 эшиктүү, отургучу 2 же 3 катар жайгашат; лимузин – седанга окшош, бирок, ичинде тосмо орнотулган; купе – 2 эшиктүү, кузову жабык; кабриолет – седанга окшош, айырмасы – капкагы ачылат; фаэтон – 2 же 4 эшиктүү, үстү ачылат; универсал – кузову жабык, арт жагында кошумча эшиги болот. Өлкөбүздө негизинен «Волга», «Жигули», «Москвич» (Россия); «Мерседес», «Ауди», «БМВ» (Германия); «Тойота», «Ниссан», «Мицубиси» (Япония) жана башка маркадагы жеңил автомобильдер колдонулууда – жеңил автомобиль 300 км/с, ал эми атайын жарышуу үчүн арналганы 1000 км/стан ашык ылдамдыкта жүрө алат[1].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

  1. Өзгөчөлүктөрү сатып алуу подержанного автомобилдин