Жирафтар (лат. Giraffidae) — кепшөөчү сүт эмүүчүлөрдүн ача туяктуулар түркүмүнүн тукуму. 2 уруусунун бирден түрү (кадимки жираф жана окапи) бар. Кадимки жираф зор жаныбар. Тулку кыска, башы анча чоң эмес, моюну жана алдыңкы буту узун. Салмагы 550-750 кг, жонуна чейин бийикт 3,7 м, төбөсүнө чейин бийиктиги 56 м, денеси көбүнчө ачык жана сары түстө, түрдүү формадагы кара-күрөң тактар менен капталган. Африканын сейрек өскөн бадалдуу токойлорунда, ачык талааларында жашайт. Көпчүлүк жерде эти жана териси үчүн кырып жок кылынган. Жираф түрдүү акациянын бутак жана жалбырактарын жейт. Ургаачысы 14 ай көтөрүп, бирди тууйт. Эти тамак-аш, териси кооз буюм жасоо үчүн пайдаланылатемир жол паркта, атайын корукта багылат.

Окапи (Okapia johnstoni).
Жираф (Giraffa sp.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5