'


Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Мамытов Жолон
Туулган жылы: 1-апрель 1940-жыл
Туулган жери: Төлөйкөн айылы, Кара-Суу району, Ош облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: акын

Өмүр баяны түзөтүү

Акын Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1957-62-жылдары Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуган.

Эмгек жолу түзөтүү

Ал 1962-68-жылдарда Кара-Суу районунун “Катта-Талдык” совхозунда башкы ветврач болуп иштеген.

1968-69-жылдары Ош областтык радиокомитетинде улуу редактор болуп иштеген.

Москвадагы М.Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курсунан (1969-71) билим алган.

1974-жылга чейин Ош облустук радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор, Кыргызстан кинематографисттер союзунун жооптуу катчысы, республикалык Госкинонун башкы редактору, “Кыргызстан маданияты” редакциясынын поэзия бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Ж.Мамытовдун алгачкы ыры 1954-жылы областтык “Ленин жолу” газетасына жарыяланып, кийин чыгармалары республикалык газет-журналдарда, альманахтарда жарык көргөн. Бир нече ырлар жыйнагы жарыяланган.

Ал 1988-жылы 7-мартта 47 жаш курагында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы - акын жана журналист Меңди Мамазаирова.

"Азаттык" үчүн курган маегинде Меңди айым эки жаштын түбөлүк кол кармашуусу үчүн алгач бир кыйла тоскоолчулук болгонун айтканы бар:

"Жолон экөөбүздүн ата-энелерибиз мурунтан эле тааныш болгон. Мен 4-класста окуп жүргөндө алар биздин мектепке оюн коюп келишти.

8-классымда Жолондон биринчи сүйүү катын алдым. Каадалуу кишидей, “Сиз...” деп башталган. Мен болсо ага "сен" деп жооп бердим. Мен да жөн калбаган шок, шартылдаган мүнөзү бар кыз элем.

Азыр да үйдөгү күндөлүгүндө сакталуу “1959-жылы, Меңдиден биринчи жолу кат алдым...” деген жазуусу. Анда азыркыдай ачык сүйүү жок да, баары купуя. Кат менен гана сүйлөшөсүң.

Кийин менин ата-энем Жолонго бербейбиз деп чыкты, Жолондун ата- энеси да мени албайбыз деп караманча каршы болду. Ошондо экөөбүз эмне кылаарыбызды билбей абдан кыйналдык..."

Чыгармалары түзөтүү

Акын кыргыз поэзиясынын жанып турган жылдызы эле. Анын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буруул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган.
Айрым чыгармалары орус жана башка элдердин чет элдиктердин тилдерине да которулган, өзү да Ф.Тютчевдин, А.Феттин, В.Маяковскийдин, М.Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.


"Издейм сени" ыры
Тексти - Жолондуку; обону - Рыспай Абдыкадыровдуку.
(Бул ырды жаш акын Жолон сүйгөнү Меңди Мамазаировага арнаган экен).

Издейм сени арасынан элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.

Акпы, көкпү же сарыбы жоолугуң,
Жоолугуңдун түсүн билбей оорумун.
Күзгө калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан азууда ден соолугум.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Гүлзарынан күндөй кооз жерлердин.
Сен ааламга кыйноо үчүн жаралсаң,
Мен түбөлүк кыйналууга келгенмин.

Кызыл бекен, пушту бекен көйнөгүң,
Мынча оңой алоолонтуп ойнодуң.
Мүмкүн ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою бир көрүнбөй койгонуң.

Сыйлыктары түзөтүү

1973-жылы Ж.Мамытов “Каармандык эмгеги үчүн” медалы, 1981-жылы “Суунун өмүрү” аттуу жыйнагы, Эр Чилтен “Олокон” деген мультфильмдин сценарийи “Түрк эненин балдары” деген куурчак театры койгон спектакли үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.
Ж.Мамытовдун көзү өткөндөн кийин “Сепил” операсынын либреттосу үчүн А.Малдыбаев атындагы сыйлыкка, ал эми “Жүз жашка тол, кылым” аттуу ыр китеби үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси түзөтүү

  • Мамытов Жолон. Башат жана мухит: Тандалмалар / Түз.: Меңди Мамазаирова. – Б.: Адабият, 1991. – 447 б.: ил.
  • Мамытов Жолон. Жүз жашка толгон кылым: Публицистикалык поэма, ырлар, сонеттер, драмалуу легенда баян. – Ф.: Кы*ргызстан, 1987. – 96 б.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Оморов А. Жолон Мамытовдун ырларынын поэтикасынын айрым маселелери. – Б.: Жалал-Абад, 2002. – 124 б.;
  • Абакиров М. “Жазганым эл ичинде калат эми, мен жокто алар кайра жанат эми”: (Акын курбум Жолон Мамытовду эскерип) // Кыргыз Туусу. – 2006. – 7-9-март. - №17. – Б. 12;
  • Жусуев С. Көгүш түндө көктөн учкан жылдыздай... же дагы бир жолу Ж.Мамытовду эскерип // Zaman Кыргызстан. – 2006. – 11-авг. - №26. – Б. 13.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү