Жоомарт Кайыпович Оторбаев(18.8.1955-ж. т., Фрунзе) – физик, физика-математика илимд.-доктору (1990), КР УИАнын корр. мүчөсү (1994), проф. (1996), Нью-Йорк ИАнын анык мүчөсү (1995), Кыргыз илимди өнүктүрүү б-ча Америка ассоциациясынын анык мүчөсү (1996), Кыргыз ССРинин илим ж-а техника б-ча Ленин комсомол сыйл. лауреаты (1983). Ленинград мамл. ун-тинин физика ф-тин (1978), П. Н. Лебедев атн. ин-ттун аспирантурасын (1981, Москва) бүтүргөн. 1981-жылдан Кыргыз ССР ИАда кенже, улук ил. кызматкер, лабор. жетекчиси болуп иштеген. 1996−2002-ж. КРдеги Philips Electronics өкүлчүлүгүнүн генералдык директору, Philips Electronics корпорациясынын Борб. Азия өлкөлөрү б-ча вице-президенти, 1997−2002-ж. КРдеги Нидерланд Королдугунун ардактуу өкүлү, 2001−04-ж. чет элдик инвестицияларды тартуу б-ча КР Президентинин атайын өкүлү, 2002-05-ж., 2011-жылдан КРдин вице-премьер-министри. 230дан ашуун ил. эмгектин, а. и. 5 монография, 3 окуу колдонмонун автору.

Жоомарт Кайыпович Оторбаев
Жоомарт Кайыпович Оторбаев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын премьер-министри
желек
желек
4-апрель, 2014-жыл — 2015
Андан мурунку: Жантөрө Сатыбалдиев
Андан кийинки: Темир Сариев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри
6-сентябрь, 2012-жыл — 4-апрель, 2014-жыл
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри
Декабрь, 2011-жыл — Сентябрь, 2012-жыл
 
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Туулган жылы: 18-август 1955-жыл
Туулган жери: Фрунзе, СССРКыргызстан
Атасы: Каип Оторбаев
Балдары: төрт баласы бар
Партиясы: Ата-Мекен
Билими: Ленинград мамлекеттик университети
Илимий даражасы: физика-математика илимдеринин доктору
Илимий наамы: профессор
Кесиби: физик

Эмгектери түзөтүү

  • Электронно-возбужденные молекулы в неравновесной плазме (в соавторстве). М., 1985;
  • Экспериментальные методы и теоритические модели физики неравновесной плазмы (в соавторстве). Ф., 1988;
  • Physics of Non-Equilibrium Plasmas (в соавторстве). Амстердам, 1992.


Колдонлган адабияттар түзөтүү

  • Асанов У. А. Кыргызская наука в лицах. Б.

. 2002.