Жоржия Технология Институту

Жоржия Технология институту (англ. Georgia Institute of Technology; Жоржия Тек, же ЖТ деп кыскартылат) - Америка Кошмо Штаттарынын Атланта шаарында жайгашкан коомдук изилдөө университети. Ал Жоржиянын университет системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана спутник кампустары; Жоржиянын Саванна шаарында, Франциянын Метз шаарында, Ирландиянын Атлон шаарында, Кытайдын Шенен шаарында жана Сингапурда жайгашкан.

Бул билим берүү мекемеси 1885-жылы Жоржия Технология Мектеби катары түзүлүп, АКШнын жарандык согушунан кийинки өнөр жай экономикасын куруу планынын алкагында түзүлгөн. Башында бул механикалык инженер кесибин гана тартуулаган окуу жайы болгон. 1901-жылдан тартып электр, жарандык жана химиялык инженерлик чейин кесиптери окутулуп баштаган. 1948-жылы мектеп соода мектебинен чоң техникалык институт жана изилдөө университетине чейин өскөндүгүн белгилөө максатында атын өзгөрткөн.

Бүгүн, Жоржия Тек алты коллежден турат жана илим жана техникага басым жасаган 31 бөлүмү бар. Ал инженердик, компүтердик илимдер, бизнести башкаруу, илим, дизайн, жана гуманитардык илимдер боюнча өзүнүн программалары менен элге таанымал. Жоржия Тек АКШнын мамлекеттик университеттерин рейтингинде 7-орунда, жана АКШнын Жаңылыктары жана Дүйнөлук Отчеттордун рейтингинде (U.S. News & World Report rankings) бардык коллеждер жана университтеридин арасында 34-орунда турат. Жоржия Тек эл аралык деңгээлде инженер жана бизнес программалары үчүн жогору бааланып, Америкадагы мамлекеттик коллеждер арасында "эң акылдуу" деген наамга жеткен (стандартташтырылган тестирлөөнүн орточо упайларынын негизинде).

Тарыхы түзөтүү

Кампустары түзөтүү

Жетекчилиги түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү