Жорулар (лат. Gyps) – ири жырткыч куштар тобу. Аларга америка жана кадимки жорулар кирет. Булардын түзүлүшү жана жашоо шарты окшош. Дене узундугу 90–114 см. Башы, мойну жылаңач же түк менен капталган. Канаты жазы, тарп издеп, кээде өтө бийиктикте бир нече саат бою калкып учууга жөндөмдүү. Буту басып, чуркоого ылайыкталган, көк жору гана жемин буту менен көтөрүп учат. Көпчүлүгү тарп жана таштанды жейт. Аска, жар, дарактарга уялайт. 1 жумуртка тууйт. Африка, Түштүк Европа, Борбордук жана Түштүк Азияда 9 урууга бириккен 14 түрү жашайт. КМШ өлкөлөрүндө 4 уруусунун 5 түрү бар. Жорулар табигый санитар катары өтө пайдалуу. Алардын саны азаюуда (айрыкча Европада). Балта жутар жана башка коргоого муктаж.

Aк кaжыр (Gyps fulvus).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1