Жумушсуздук — калктын эмгекке жарамдуу белгилүү бир бөлүгү өзүнө жумуш таппагандыгы менен мүнөздөлүүчү татаал социалдык-экономика абалы. Эл аралык эмгек уюмунун аныктамасына ылайык, иштегиси келген, иштей алган, бирок жумуш орду жок адам жумушсуз деп аталат. Рынок экономикасында жумушсуздук жумушчу күчүнө талап менен суроонун ортосундагы өз ара аракеттин жыйынтыгы болот. Илимий-тех. прогресстин таасири, өндүрүштүн натыйжалуулугунун өсүшү, экономиканын тармактык структурасынын өзгөрүшү, өндүрүштүн кыскарышы жана башка социалдык-экономикалык процесстердин натыйжасында ага ылайык жумушчу күчүнүн саны кыскарат же анын сапатына жана структурасына жаңы талаптар коюлат. Жумушсуздук кризис учурунда кескин көбөйөт. Рынок мамилесине өтүү биздин өлкөдө Жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келди.

Булактар түзөтүү