Журуа - Бразилиянын батышындагы дарыя, Амазонканын оң куймасы.

Журуа

Уз. 3280 км, алабынын аянты 200 миң км2 дей. Перу, Анд тоолорунун этегинен башталып, ортоңку жана төмөнкү агымында нугу ийри-буйру болуп, Амазонка ойдуңун кесип өтөт. Жамгыр суусунан куралат. Январдан майга чейин суусу мол. Орточо чыгымы 6000 м3/сек. Крузейрду-Сул шаарынан баштан кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.