Жутуу — азыкты ооз көңдөйүнөн кызыл өңгөч аркылуу карынга жылдыруучу татаал рефлекс. Адам күнүнө 600 жолу жутат.Анын ичинде 200 жолу тамак жеген учурда, уктап жаткан учурда 50 жолу, 350 жолу калган убакта. Көпчүлүк жутуулар бизге байкалбай өтөт. Ал тил, таңдай, алкым, кызыл өңгөч жана кекиртек булчуңдарынын катышуусу менен ишке ашырылат. Тамак азыктары ооздун ичинде майда чайналып шилекейленет; андан кийин тилдин жардамы менен кулкунга жылат. Ушул учурдагы кулкун булчуңдарынын жыйрылышынан коко жапкыч менен колко жабылат да, тамак кулкунга өтүп, андан кызыл өңгөч булчуңдарынын жыйрылуусунун натыйжасында карынга түшөт. Суюк тамак уурталгандан кийин, тилдин жана анын түбүндөгү булчуңдардын, жумшак таңдайдын жыйрылышынан ооздун ичиндеги басым көбөйүп, суюктук кызыл өңгөчкө, андан карынга куюлат. Жутуу рефлексинин борбору сүйрү мээде жайгашкан. Сүйрү мээдеги жутуу жана дем алуу рефлекстеринин борборлору кезектешип козголот, башкача айтканда Жутуу рефлекси учурунда дем алуу рефлекси токтойт.

Стрелка үстүнкү тамак сиңирүүчү сфинктерди көрсөтүп жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8