"Жылдыздарды сана" (англ. Number the Stars) — америкалык жазуучу Лоис Лоуринин тарыхый көркөм чыгармасы. Китеп Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Копенгагенден качкан жөөт үй-бүлө (Росендер) тууралуу баяндайт. Башкы окуя 1943-жылы Копенгаген шаарында үй-бүлөсү менен жашаган он жаштагы Аннамари Йохансенге токтолот. Ал Даниядагы жөөттөрдү куткарууга байланыштуу окуялардын бир бөлүгүнө айланат. Ал кезде миңдеген жөөттөргө концентрациялык лагерлерге жайгаштыруунун ордуна Шведциядагы бейтарап жерге жетип алыш үчүн жардам көрсөтүлгөн. Ал эң жакшы досу Эллен Росенге жардам бериш үчүн өз өмүрүн тобокелге салат. Аннамари Элленди согушта көзү өтүп кеткен өзүнүн эжеси Лиза деп анткорлонот. Лиза өзүнүн мурдагы убадалашкан жигити Питер аркылуу Дания каршы туруусу менен биргеликте иш алып барганы үчүн нацисттик аскерлер тарабынан өлтүрүлөт. Дания каршы туруусунун мүчөсү Ким Малте-Бруунга жардам берүүсүн улантат. Китептин аталышы Псалмдар 147:4 сабында жазылган сөздөн алынган. Кудай бардык жылдыздарды санап, ар бирин атап чыкканынына чыгарманын автору шилтеме жасаган. Бул Эллен мойнуна асып жүргөн иудаизмдин символу болгон Дауттун жылдызы менен байланыштуу.

Роман 1990-жылы бир жыл мурдагы "Америка балдар адабиятына кошкон зор салымы" үчүн "Нүбери" медалына ээ болгон. Лоис Лоури китеби үчүн изилдөө ишин жана маектешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Копенгагенге барган. Ал китептин мукабасындагы кыздын сүрөтүн өзү тарткан (кыскача маалыматта көрсөтүлгөн). Ошол мукаба китептин бир нече басылыштарында пайдаланылган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү