Жүрөктүн ишемиялык илдети

Жүрөктүн ишемиялык илдетиартериялык тамырлар менен келип түшкөн кандын көлөмү менен ткандардын ага болгон муктаждыгынын айырмачылыгы менен мүнөздөлүүчү регионардык кан айлануунун бузулушунун типтүү түрү болуп саналат. Ошол эле учурда кан агымына болгон муктаждык артериялардагы чыныгы агымга караганда ар дайым жогору болот.

Себептери түзөтүү

Жеги ири артерияларды жабыркатат. Көптөгөн адамдар бул оорунун обструктивдүү да, обструктивдүү эмес да түрлөрү менен жабыркашат. Коронардык микро тамыр оорусу жүрөк булчуңундагы майда артерияларды бүлүнтөт.

Ал жүрөктүн ишемиялык оорусунун түрүнө байланыштуу. Мындай абалдын чолпучалардын топтолушу же жүрөктөгү кан тамырлардын иштешине таасир этүүчү бир нече себеби болушу да мүмкүн. Жүрөктүн кантип иштеши жөнүндө көбүрөөк билиңиздер.

Чолпучалардын топтолушу түзөтүү

Артерияларда чолпучанын чогулушу атеросклероз деп аталат. Чолпучалардын жүрөктүн артерияларында көп жылдар бою топтолушунан улам тамырлар ичкерип, катып, кычкылтектүү кан агымы жүрөккө толук жетпей калат. Натыйжада жүрөктүн ишемиялык оорусу пайда болот.

Жүрөктүн обструктивдүү ишемиялык оорусу жүрөктүн артерияларынын 50%дан көбү бөгөттөлүп калгандыгын билдирет. Бара-бара үч чоң коронардык артериянын бирөөсүндө же бир нечесинде кандын жүрүшү толугу менен тосулуп калышы мүмкүн. Жүрөктүн обструктивдүү эмес ишемиялык оорусунда ири артерияларды чолпучалар ичкертиши мүмкүн, бирок обструктивдүү илдеттей катуу эмес.

Жүрөктүн майда кан тамырларында да анча-мынча чолпучалар пайда болуп, коронардык майда кан тамыр ооруларын пайда кылышы мүмкүн.

Кан тамырларга таасир этүүчү көйгөйлөр түзөтүү

Жүрөктүн кан тамырларынын иштешиндеги көйгөйлөр жүрөктүн ишемиялык оорусун пайда кылышы ыктымал. Мисалы, кан тамырлар жүрөктүн көбүрөөк кычкылтекке бай канга муктаждыгы жөнүндө сигналдарга жооп бербей коюшу мүмкүн. Адатта, адам катуу кыймыл-аракет жасаганда же стресске кабылганда кандын ири агымын камсыз кылуу үчүн кан тамырлар кеңеет. Бирок сиздин жүрөгүӊүздүн ишемиялык оорусу бар болсо, анда бул кан тамырлардын өлчөмү өзгөрбөйт, же атүгүл кан тамырлар ичкерип кетиши да мүмкүн.

Аталган көйгөйлөрдүн себеби толук аныктала элек. Бирок төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

  • Өнөкөт сезгенүүдөн, кан басымдын жогорулашынан же кант диабетинин айынан артериялардын же кичинекей кан тамырлардын капталдарынын жабыркашы же бүлүнүшү.
  • Кадимки каруу процессинин бир бөлүгү болгон молекулярдык өзгөрүүлөр. Молекулярдык өзгөрүүлөр гендер менен белоктордун клеткалардын ичинде тескелишине таасир этет.

Жүрөктүн обструктивдүү эмес ишемиялык оорусунда, коронардык артериялардын ички капталдарынын жабыркашы алардын карышуусуна алып келет (күтүлбөгөн жерден кысылат). Бул тамырлардын карышмасы деп аталат. карышма тамырларды убактылуу ичкертет да, жүрөктөгү кан агымын бөгөйт.

Бул көйгөйлөр жүрөктүн майда кан тамырларында да пайда болуп, коронардык майда кан тамырлардын кээде X коронардык синдрому деп да аталуучу оорусун пайда кылышы мүмкүн. Коронардык майда кан тамыр оорусу обструктивдүү менен да, же ансыз да пайда болушу ыктымал.

Тобокел факторлору түзөтүү

Жүрөктүн ишемиялык илдетин өтүштүрүп жиберүүчү көптөгөн тобокел факторлор бар. Жүрөктүн иштөө шарты өзшөргөндө, кан басымдын жогорулашы жана кандагы холестериндин жогорку деңгээли сыяктуу бир катар тобокел факторлор өзгөрүшү мүмкүн.

Жаш курак түзөтүү

Жаш өткөн сайын генетикалык факторлор же жашоо таризи тамырларда чолпучаларды пайда кылат. Эркектерде жүрөктүн ишемиялык оорусуна чалдыгуу коркунучу болжол менен 45 жаштан жогорулай баштайт. Менопаузага чейин аялдарда эркектерге караганда жүрөктүн ишемиялык оорусу төмөн болот. Болжол менен 55 жаштан кийин аялдар үчүн коркунуч жогорулайт. Бул аялдар менопаузадан кийин эстрогенди (аял гормонун) аз чыгаргандыгына байланыштуу болсо керек. Мындан тышкары, жүрөктүн майда кан тамырларындагы өзгөрүүлөр жаш өткөн сайын коронардык майда кан тамырлар оорусунун пайда болуу тобокелдигин жогорулатат.

Айлана чөйрө жана кесип түзөтүү

Айлана-чөйрөдөгү абанын булганышы жүрөктүн ишемиялык оорусунун пайда болуу тобокелдигин жогорулатат. Бул тобокелдик жашы улуу кишилерде жана аялдарда жана кант диабети менен ооруган же семирип кеткен адамдарда жогору болушу мүмкүн. Абанын булганышы атеросклероз жана кан басымынын жогорулашы сыяктуу башка илдеттерди пайда кылышы же андайлар менен ооругандардын абалын начарлатышы мүмкүн, бул өз кезегинде жүрөктүн ишемиялык илдетин пайда кылат.

Сиздин эмгек шартыӊыз төмөнкүдөй болсо, чалдыгуу тобокелчиликти күчөтүшү ыктымал:


- Уулуу заттар, радиация же башка коркунучтарга кабылган болсоңуз

- Жумушуңузда стресс көп болсо

- Узак убакыт бир жерде отурсаңыз

- Аптасына 55 сааттан ашык иштесеңиз же уйкуңузга таасир этүүчү узак, үзгүлтүксүз же түнкү нөөмөттөрдө иштесеңиз.

Үй-бүлөнүн тарыхы жана генетикасы

Эрте жүрөк оорусунун үй-бүлөлүк тарыхы жүрөктүн ишемиялык оорусуна алып келет. Эгер сиздин атаңыз же бир тууганыңыз 55 жашка чейин, же энеңиз же эже-карындашыңыз (сиӊдиӊиз) 65 жашка чейин ооруган болсо, ушундай болушу мүмкүн. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, айрым гендер жүрөктүн ишемиялык оорусуна жакын келет.

Жашоо таризиндеги адаттар түзөтүү

Ден соолукка зыяндуу жашоо таризи убакыттын өтүшү менен жүрөктүн ишемиялык оорусуна чалдыгуу коркунучун күчөтөт, анткени жүрөктүн кан тамырларында чолпучалардын топтолушуна алып келиши мүмкүн. Тобокел факторлору болуп саналган, жашоо таризиндеги ден соолукка зыяндуу адаттарга төмөнкүлөр кирет:

- Кыймыл-аракеттин жоктугу кандагы холестерин деңгээлинин, кан басымдын жогорулашы, триглицериддердин көбөйүшү, диабет жана диабет алдындагы абал, ашыкча салмак, семирип кетүү сыяктуу жүрөк ооруларынын башка тобокел факторлорун күчөтүшү ыктымал.

- Тамеки чегүү же тамекинин түтүнүн узак мезгилге жыттоо кан тамырларды жабыркатат.

- Сиздин кан тамырларыңыздын кысылышына түрткү болуучу стресс жүрөктүн ишемиялык оорусуна, айрыкча коронардык майда кан тамырлар оорусуна чалдыгуу коркунучун күчөтөт. Эгер стресстен улам тез-тез тамеки тартууга же май жана шекерге бай тамактарды көп жеп калсаӊыз, анда ал кыйыр түрдө жүрөктүн ишемиялык оорусун пайда кылышы мүмкүн.

- Каныккан майларды же транс майларды жана тазаланган углеводдорду (ак нан, макарон жана ак күрүч) көп өлчөмдө колдонуу. Бул ашыкча салмакка жана семирип кетүүгө, кандагы холестерин деңгээлинин көтөрүлүшүнө, атеросклерозго жана жүрөктүн артерияларында чолпучалардын топтолушуна алып келиши мүмкүн.

Белгилери, жышаандары жана кабылдоосу түзөтүү

Айрым адамдардан жүрөктүн ишемиялык оорусунун оор жышаандары байкалат. Башкалардан эч кандай жышаандар байкалбайт. Эгерде сизде жүрөктүн ишемиялык «жоош» оорусу болсо, анда жүрөк туткагы кармаганга же кабылдап кеткенге чейин эч кандай жышаандар билинбейт.

Белгилер жана жышаандар түзөтүү

Жүрөк туткагы сыяктуу коронардык курч илдет төмөнкү жышаандарды пайда кылышы мүмкүн:

  • Кыймыл-аракет жасаган учурда басым, кысуу, ачышуу же кысылуу сыяктуу сезилиши мүмкүн болгон стенокардия. Оору же ыңгайсыздык көбүнчө төш сөөгүнүн тушунан башталат, бирок кол, ийин, жаак, тамак же арка туштан пайда болушу да мүмкүн. Дарт козголгондо, ашказанда тамак сиңбей жаткандай сезилет.
  • Муздак тер
  • Баш айлануу
  • Жүрөк айлануу же тамак сиңбегендей сезилүү
  • Моюндагы оору
  • Дем кыстыгуу, айрыкча кыймыл-аракет жасаганда
  • Уйкунун бузулушу
  • Алсыроо


Аялдар көкүрөктөгү ооруну эркектерге караганда азыраак сезет. Тескерисинче, алар бул жышаандарды көбүрөөк сезишет:

  • Башы айланат
  • Чарчайт
  • Көӊүлү айныйт
  • Көкүрөгүндө басым же кысылууну сезет
  • Ичи ооруйт
  • Аялдарда эркектерге караганда жүрөктүн ишемиялык оорусунун белгилери азыраак байкалат.


Өнөкөт (узакка созулган) жүрөктүн ишемиялык оорусу төмөнкүдөй жышаандарды пайда кылышы мүмкүн:

  • Стенокардия
  • Кыймыл-аракет жасагандагы дем кыстыгуу
  • Чарчоо
  • Моюндагы оору


Топтолгон чолпучалар коронардык артерияларды ичкерткен сайын жышаандар күчөп кетиши мүмкүн. Басылбаган көкүрөктөгү оору же эс алуу учурунда да тез-тез кайталанган ыңгайсыздык жүрөк туткагынын белгиси болушу ыктымал. Эгерде көкүрөгүңүздүн оорусу стенокардия же жүрөк туткагы экендигин билбесеңиз, дароо тез жардам кызматына чалыңыз. Көкүрөктөгү баардык ооруларды доктур текшериши абзел.

Кабылдап кетиши түзөтүү

Жүрөктүн ишемиялык оорусу төмөнкүдөй оорлошуп кетиши мүмкүн:

  • Курч коронардык синдром, анын ичинде стенокардия же жүрөк туткагы
  • Аритмия
  • Жүрөк өксүгү
  • Кардиогендик шок
  • Жүрөктүн күтпөгөн жерден токтоп калышы
  • Жүрөктүн ишемиялык оорусунун кабылдап кетиши өмүргө кооптуу, ал майып кылып коюшу мүмкүн.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоо оорунун канчалык олуттуу экендигине, жышаандарына жана ден соолуктун дагы башка абалына жараша жүргүзүлөт. Жүрөктүн ишемиялык оорусун дарылоо усулдары: жашоо таризин өзгөртүү, дары-дармектер же аортокоронардык шунттоо же тери аркылуу коронардык кийлигишүү.

Жүрөгүңүздүн ишемиялык оорусун кантип жакшы дарылоо керектиги жөнүндө чечим кабыл аларда дарыгер сиздин 10 жылдык тобокел эсебиӊизди эске алат.

Алдын алуу түзөтүү

Кандагы холестериндин деңгээлин көзөмөлдөө жүрөктүн ишемиялык оорусуна кабылуу тобокелдигин азайтат. Кандагы холестериндин деңгээлин мыкты көзөмөлдөө үчүн сиз буларды аткарууга тийишсиз:

  • Көп кыймыл-аракет жасоо
  • Спирт ичимдиктерин чектөө
  • Тамеки чекпөө
  • Кант, туз жана каныккан май аз кошулган тамак ичүү

Эгер буга чейин жүрөктүн ишемиялык оорусуна чалдыккан болсо, андай кишилер дарыгердин сунуштарын аткарып, жогорудагы эрежелерди сакташы абзел.