Заргын (лат. Sisymbrium, L. 1753) — өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы уруусу; бир же көп жылдык чөп өсүмдүк. Жалбырагы канаттай тилкелүү, топ гүлү чачы, сары түстө, мөмөсү саадакча. Жер жүзүндө 90дой түрү белгилүү. Кыргызстанда 5 түрү боздоң, айдоо, бакча жана арык боюнда өсөт. Отоо чөп, көпчүлүгү уулуу. Эң кеңири таралганы бийик заргын, лёзел заргыны, өзгөрмө заргыны

Sisymbrium altissimum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү