Затташтыруу (Овеществление) – товарды өндүрүүгө жана социалдык мамилелерди жеке мамилелерден буюмдук мамилелерге айландыруунун тарыхый өзгөрмөлүү формасы. Мында адам даяр ролду аткаруучуга, буюмдарды өндүрүүнүн каражатына айланат, адамдын ишмердүүлүгү ага үстөмдүк кылган шарттардан көз каранды болуп калат жана чыгармачыл эмес функцияларды аткаруу менен чектелет, ал өзүнүн коомдук мамилелерин буюмдук мамилеге, күчүн жана чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн буюмдук «байлыкка», буюмдук «чөйрөгө» айландырат.