Зигомицеттер (Zygomycetes) - кургактагы сапрофиттик жана мителик жолдор менен жашоочу козу карындар. Көп ядролуу, клеткасыз мицелиясы жакшы өөрчүгөн. Айрымдарынын мицелиясы жетилген абалдагы клеткаларга ажырайт. Клеткалык кабыкты хитин жана хитозан түзөт.

Phycomyces sp.

Жыныстык көбөйүү кыймылсыз споралар аркылуу ишке ашат. Споралар спорангияда жайгашат, кээде спора экзогендик – конидиялар болуп, ал атайын конидияны кармаган сапчада жайгашат. З-дин негизги өзгөчөлүгү - зигогамиялык жынысташуу процессинде. Бул учурда гаметалары калыптанбаган эки жанаша клеткалардын ички заттары куюлушат (копуляцияланышат). Мицелиялардын кошула турган бөлүктөрүндө тосмо пайда болот. Белгилүү бир түрлөрдө копуляция бир эле мицелияда (гомоталдык), көпчүлүгүндө ар башка мицелияларда (гетероталдык) жүрөт. Копуляция процессинен тыныгуучу зигоспора пайда болот. Зигоспоралардын өнүгүшүнөн гифтер жетилип, алардын чоку бөлүгүндө спорангиялар калыптанат.

Негизги өкүлдөрү бугак козу карыны (Mucor), энтомофтора (Entomophotora), ризопус (Rhizopus).

Колдонулган адабияттар түзөтүү