Зоология - (зоо жана логия) жаныбарлар жөнүндөгү илим; биологиянын негизги бөлүгү. Жаныбарлардын келип чыгышын, көп түрдүүлүгүн жана алардын бөлүнүшүн, ошондой эле жер бетинде таралышын, айлана-чөйрө менен байланышын, жашоо-тиричилигин, түзүлүшүн, өөрчүшүн үйрөтөт. Бир топ илимий тармакка: жаныбарлар морфологиясы, анатомия (жаныбарлардын ички жана сырткы түзүлүшү), гистология, цитология (микроскоптук структурасы) жана эмбриология (алардын жекече өөрчүшү) бөлүнөт.

Christian Heinrich Wolke, J. B. Basedows Elementarwerk mit den Kupfertafeln Chodowieckis u.a., tab. XXI (1774)

Жаныбарлардын түрдүү топтогу формаларын салыштырып, тарыхый өөрчүү процессиндеги негизги өзгөргүчтүк закон ченемин жаныбарлардын салыштырма анатомиясы жана эмбриологиясы, организмдин жекече өөрчүшүндө ички жана сырткы себептердин маанисин эксперименттик морфология изилдейт. 3оология физиология, биохимия, экология, зоогеография ж.б. илимдер менен байланыштуу.

Систематика, ошондой эле зоология тармактары (протозоология бир клеткалуулар, гельминтология мите курттар, энтомология курт-кумурска, ихтиология балыктар, орнитология канаттуулар, териология сүт эмүүчүлөр жөнүндөгү ж. б.) пайда болду. 3оология ботаника менен бирдикте жалпы маселелерди чечет. Жаныбарлар жөнүндөгү маалыматтар илгертен эле белгилүү болгон. Аларды сыпаттаган жана адамдын турмушундагы мааниси жөнүндөгү адабияттар байыркы Кытай, Индия ж.б. өлкөлөрдө пайда болгон.

3оология боюнча алгачкы маалыматтар грек философу Аристотелге таандык. Кайра жаралуу доорундагы саякаттар, ачылыштар европалыктарга жаңы ачылган жерлердеги жаныбарлардын ар түрдүүлүгүн изилдөөгө мүмкүндүк берген. 3оологиянын өнүгүшүнө К. Линней, Ж. Ламарк, Ч. Дарвин ж.б. илимпоздор зор салым кошкон. 17-кылымда микроскоптун жасалышына байланыштуу майда организмдер ачылып, алардын түзүлүшүн изилдөө башталган. Жөнөкөйлөр жөнүндөгү изилдөөлөрдөн алардын үй жаныбарларына, адамга оору козгогуч экендиги белгилүү болду. Ичеги көңдөйлүүлөр, үлүлдөр, рак сымалдар, ийне терилүүлөр жана башкаларды изилдөө океан, көлмөлөрдү иликтөөгө байланыштуу. Кенелер, оору таратуучулар адамга, жаныбарларга жана айыл чарбасына зыян келтиргендиктен, өсүмдүк, жаныбар жана адамга мителик кылуучу курттарды изилдөө гельминттердин таралуу закон ченемин, физиологиясын, экологиясын ж.б. маселелерди чечүүгө шарт түздү.

Айыл чарба зыянкечтерине каршы чараларды иштеп чыгуу жана пайдалууларын көбөйтүү үчүн курт-кумурсканы изилдөө милдети келип чыкты. Омурткалуулардын ичинен балыктар, канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр терең изилденген. 3оология жаныбарлардын таралышын, санын жөнгө салуунун, коргоонун жана айыл жана токой чарба зыянкечтерин жок кылуунун илимий негизи болуп эсептелет. 3оологиялык изилдөөлөрдү түрдүү өлкөлөрдө ИАлардын зоология институттары, музейлер, зоологиялык коомдор, ЖОЖдордун тийиштүү кафедралары жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү