Зулу, зулустар, амазулу банту тобунда эл, ТАРдагы саны эң көп калк[2]. Негизинен Квазулу-Натал провинциясында, Лесотодо, Зимбабведе жашашат. Жалпы саны 14,243,600 (2016)[1]. Зулу тилинде сүйлөйт. Зулулардын көбү салттык диндерди карманат, христиандар (католиктер, протестанттар) христиан-африкалык Назарет баптист чиркөөсүнө, синкреттик диндерге ишенгендер да бар. 19-кылымдын биринчи жарымында Пхонголо менен Умзимкулу дарыяларынын аралыгында Чака деген киши зулуларды бириктирип, күчтүү армия түзгөн. Бирок зулулардын кээ бир уруулары Чакага баш ийбей Трансваал, 3имбабве, Мозамбик жерлерине жана 3амбези менен Умзимкулу дарыяларынын ары жагындагы аймактарга өтүп кетишкен. Англис-бур-зулу согушунда (1838-40) зулулар көп жерлеринен айрылып, Наталдын түндүгүндөгү жерлерди 3улулендди гана ээлеп калышкан. Англис-зулу согушунда (1879) зулулар жеңилип, Зулуленд 1887-ж. британ колониясына айланган, 1897-ж. Натал колониянын курамына кирген. Зулулардын негизги кесиби жарым көчмөн мал чарбачылык жана дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, бир бөлүгү европалыктардын ээлик жерлеринде, фермаларында батрактык кылат жана кендерде, өнөр жайда иштейт. Белине тери байламчаларды байлап, юбка, фартук кийишет, колдоруна, буттарына билерик тагынышат. Таанылган жоокерлер баштарына мом менен чөптөн жасалган чамбар кийишкен. Кыштан салынган төрт бурчтуу, чатыры жалпак үйлөрдө жашашат. Эркектер көп аял алууга укуктуу жана ар бир аялы өзүнчө үйдө жашайт. Аял алганда калыңды мал менен төлөшөт. Табиятка, арбактарга, өздөрүнүн кудайларына сыйынышат. Музыкалык аспаптары: шылдырактар, флейта, барабан ж. б. Адабияты жакшы өнүккөн (Ж. Дубе, Р. Дхломо, Б. Вилакази, акын М. Кунене).

Зулу
amaZulu
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 14,243,600
 ТАР - 13,644,000[1]
 Зимбабве - 207,000[1]
 Лесото - 204,000[1]
 Эсватини - 99,000[1]
 Малави - 76,000[1]
 Мозамбик - 6,900[1]
 Ботсвана - 6,700[1]
 Замбия - 800,000[1]

Дини

Машаякчылык

Кирет

Бантулар

Тууган элдер

Коса, Ндебеле, Матабеле, Нгони, Свази

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 1.5 1.6 1.7 1.8 The Zulu people group is reported in 7 countries
  2. South Africa grows to 44.8 million

Тышкы шилтемелер түзөтүү