Ибн ал-Асир (1160–1233) – араб тарыхчысы. Бир канча китептен турган «Ал Камил фи-т-тарых» («Тарыхтын толук чагылдырылышы») деген китебин жазып, Орто Азиядагы элдер жөнүндө да баалуу маалыматтарды калтырган. Мис., караханийлер мамлекети жөнүндө тарыхый фактыларды жазууда ал-Утби, Мискавейха сыяктуу окумуштуулардын эмгектерин пайдаланган. Баласагын шаарында 960-ж. көчмөндөр (кыргыздар) тарабынан кабыл алынган ислам дини, Караханийлердин мамлекетин кеңейтүү боюнча жүргүзгөн күрөштөрү ж.б. чагылдырылган. Ал негизинен Орто Азия элдеринин моңголдор басып келген мезгилге чейинки доордун тарыхын изилдеген.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.